Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 4:1—13

4  «Самария тоосундагы+ Башан уйлары+, бей-бечараларды алдагандар, жакырларды куугунтуктагандар+, күйөөлөрүнө: „Алып кел, ичели!“ — дегендер, уккула.  Эгедер Теңир Жахаба ыйыктыгы менен мындай деп ант берди+: „“Силерди касапчынын илмеги менен, калганыңарды кайырмак менен тартып чыгара турган күндөр келатат+.  Ошондо дубалдагы тешиктерден, ар бириңер өз алдыңардагы тешиктен чыгып+, Хармонго ыргытыласыңар”,— дейт Жахаба“.  „Бейтелге барып, кылмыш кылгыла+. Гилгалда кайра-кайра кылмыш кылгыла+. Эртең менен курмандыктарыңарды чалгыла, үчүнчү күнү ондуктарыңарды алып баргыла+.  Ачыганды ыраазычылык курмандыгы катары өрттөгүлө+, ыктыярдуу курмандыгыңар тууралуу жарыялагыла+. Жарыялагыла, анткени ошенткенди жакшы көрөт эмессиңерби, Ысрайыл уулдары“+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба.  „Мен силерди бардык шаарларыңарда ачка калтырдым*+, бардык жерлериңерде нанга зар кылдым+, ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“+,— дейт Жахаба.  „Оруу-жыюу маалына үч ай калса да, мен нөшөр жиберген жокмун+. Бир шаарга жаан жаадырсам, экинчисине жаадырган жокмун. Жердин бир бөлүгү жаанга сугарылса, экинчиси кургап калды, анткени мен жаан жаадырган жокмун+.  Суу ичиш үчүн эки-үч шаардын эли бир шаарга чогулуп жатты+, бирок суусунун кандыра алышкан жок. Силер ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“+,— дейт Жахаба.  „Түшүмүңөрдү ысык шамал менен куйкалаттым, көк бастырдым+. Багыңар, жүзүмзарыңар көбөйсө да, анжир дарагыңарды, зайтун дарагыңарды малак жеди+, ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“+,— дейт Жахаба. 10  „Силерге Мисирдеги оорудай жугуштуу оору жибердим+. Уландарыңарды кылыч менен өлтүрүп+, аттарыңарды айдап кеттим+. Конушуңардан чыккан сасык жытты танооңорго жеткирдим+, ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“+,— дейт Жахаба. 11  „Содом менен Аморду кыйратканымдай+, силерди да кыйраттым. Силер оттон алынган чычаладай болдуңар+, ошондо да мага кайтып келген жоксуңар“+,— дейт Жахаба. 12  Ошон үчүн, Ысрайыл, мен сага да ушунун баарын кылам. Ушунун баарын сага да кылам, Ысрайыл, андыктан Кудайың менен жолугушууга даяр бол+. 13  Тоолорду калыптагандын+, шамалды жараткандын+ Өзү пендесине ойлорун айтпай койбойт+. Ал таңды түнгө айлантат+, жердин чокуларында басып жүрөт+. Анын ысмы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «таза тиш бердим».