Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 3:1—15

3  «Оо, Ысрайыл уулдары, Жахабанын силер тууралуу айткан сөзүн уккула+. Мен Мисир жеринен алып чыккан элим+ тууралуу мындай дейм:  „Мен жер жүзүнүн бардык элдеринин арасынан+ силерди гана тааныйм+. Ошон үчүн силерди бардык кылмыштарыңар үчүн жоопко тартам+.  Макулдашып алып жолугушпаса, эки киши бирге жолго чыгабы?+  Жемин көрбөсө, токойдогу арстан арылдайбы?+ Эч нерсе кармабаса, жалдуу жаш арстан жашынып жаткан жеринен үн чыгарабы?  Тузак тартылбаса, куш түшөбү?+ Эч нерсе түшпөсө, тузак жерден көтөрүлөбү?  Шаарда мүйүз сурнай тартылса, эл титиребей коёбу?+ Жахаба жибербесе, шаарды кырсык басабы?  Анткени Эгедер Теңир Жахаба өзүнүн кызматчыларына — пайгамбарларга — купуя сырын ачпай туруп эч нерсе кылбайт+.  Арстан арылдаса, ким коркпойт?+ Эгедер Теңир Жахаба өзү айтса, ким пайгамбарлык кылбайт?“+  „Азоттогу мунаралуу чептен, Мисирдеги мунаралуу чептен мындай деп жар салгыла+: “Самариянын тоолоруна каршы чыгуу үчүн чогулгула+, андагы баш аламандыктын, алдамчылыктын канчалык кулач жайганын көргүлө+. 10  Алар туура иш кылууну билишпейт+, андыктан мунаралуу чебин зомбулукка, талап-тоноочулукка толтуруп жатышат”,+— дейт Жахаба“. 11  Ошондуктан Эгедер Теңир Жахаба мындай дейт: „Жерди душман курчап алды+. Ал сени алдан тайдырып, мунаралуу чебиңди талап-тоноп кетет“+. 12  Жахаба мындай дейт: „Койчу эки шыйракты же кулактын жартысын арстандын оозунан жулуп алгандай+, Самарияда кымбат төшөктөрдө+, Дамасктын сөөрүсүндө+ отурган Ысрайылдын уулдары да жулунуп алынат“. 13  Эгедер Теңир, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Жакыптын үйүндө уккула да, күбөлөндүргүлө+. 14  Себеби ошол күнү мен Ысрайылды козголоңу үчүн, Бейтелдеги курмандык жайлары үчүн+ жоопко тартам+. Курмандык жайынын мүйүздөрү кыя чабылып, жерге түшөт+. 15  Мен кышкы үйдү+ жайкы үй+ менен кошо кыйратам“,— дейт. „Пилдин сөөгү менен кооздолгон үйлөр+ талкаланат, көп үйлөр жок болот“+,— дейт Жахаба».

Шилтемелер