Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Амос 1:1—15

1  Текояда+ кой баккан Амостун сөздөрү. Ал Жүйүт падышасы Узиянын+, Ысрайыл падышасы Жоаш+ уулу Жеробамдын+ күндөрүндө, жер титирээрден+ эки жыл мурун, Ысрайыл жөнүндө аян алып+,  мындай деди: «Жахаба Сиондон арстандай арылдайт+, анын үнү Иерусалимден угулат+. Ошондо койчулардын жайыттарын күйүт басат, Кармелдин чокусу кургайт»+.  «Жахаба мындай дейт: „“Дамасктын+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн, Гилатты темир эгин бастыргыч менен бастырганы үчүн+, чечимимди өзгөртпөйм.  Хазаелдин+ үйүнө от жиберем+, ал Бенадаттын мунаралуу чебин жалмап кетет+.  Мен Дамасктын+ дарбазаларынын бекиткичин сындырам, Бекат-Абендин тургундарын да, Бет-Эденде падыша таягын кармап турганды да жок кылам. Ал эми Сириянын эли Кирге туткундалып кетет”+,— дейт Жахаба“.  Жахаба мындай дейт: „“Азанын+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн, туткундардын баарын айдап барып+, Эдомдун колуна салып беришкени үчүн+, чечимимди өзгөртпөйм.  Азанын дубалдарына от жиберем+, ал анын мунаралуу чебин жалмап кетет.  Азоттун тургундарын да+, Ашкелондо падыша таягын кармап турганды да жок кылам+. Колумду Экронду+ көздөй сунам+, ошондо пелиштиликтердин аман калгандары кырылат”+,— дейт Эгедер Теңир Жахаба“.  Жахаба мындай дейт: „Тирдин+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн, туткундардын баарын Эдомдун колуна салып беришкени үчүн, бир туугандык келишимди унутушканы үчүн+, чечимимди өзгөртпөйм. 10  Тирдин дубалдарына от жиберем, ал анын мунаралуу чебин жалмап кетет“+. 11  Жахаба мындай дейт: „Эдомдун+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн, бир тууганын кылыч менен кууганы үчүн+, кайрымдуулук кылбаганы үчүн+, жаалын тыйбаганы үчүн, чечимимди өзгөртпөйм. Ал жаалын тыйган жок+. 12  Мен Темандын+ дубалдарына от жиберем, ал Бозранын+ мунаралуу чебин жалмап кетет“. 13  Жахаба мындай дейт: „“Амон уулдарынын+ үч, атүгүл төрт козголоңу үчүн, өз аймагын кеңейтиш үчүн+ Гилаттагы кош бойлуу аялдардын ичин жара тартышканы үчүн, чечимимди өзгөртпөйм+. 14  Раббанын дубалдарына от жиберем+, ал анын мунаралуу чебин жалмап кетет. Согуш күнү ураан угулуп, бороон-чапкындуу күнү айлана алай-дүлөй түшөт+. 15  Алардын падышасы төрөлөрү менен кошо туткундалып кетет”+,— дейт Жахаба“.

Шилтемелер