Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

Акай 1:1—15

1  Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында+, алтынчы айдын биринчи күнүндө Жахаба Акай+ пайгамбар аркылуу Жүйүттүн башкаруучусу+ Шалтиелдин+ уулу Зоробабылга+ жана Жеосадактын+ уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ мындай деди:  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+ мындай дейт: „Бул эл: “Жахабанын үйүн курганга али убакыт келе элек”,— деп жатат“»+.  Анан Жахаба Акай пайгамбар аркылуу дагы мындай деди:  «Бул үй урап жатса+, өзүңөрдүн жыгач менен кооздолгон үйлөрүңөрдө жашай турган убакпы?+  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүргөн жолуңар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү+.  Силер көп үрөн сээп, аз түшүм алып жатасыңар+. Жеп жатасыңар, бирок тойгон жоксуңар+, ичип жатасыңар, бирок моокумуңар канган жок*, кийинип жатасыңар, бирок жылыган жоксуңар. Жалданып иштегендер тапкан акчасын түбү тешик капчыкка салыш үчүн иштеп жатышат“»+.  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: „Жүргөн жолуңар жөнүндө ойлонуп көргүлөчү“+.  „Тоого чыгып, жыгач алып келгиле да+, мен ыраазы боло тургандай+, мен даңктала тургандай+ үй кургула“+,— дейт Жахаба».  «„Силер мол түшүм алабыз деп күткөнсүңөр, бирок аз эле түшүм алдыңар+. Аны үйүңөргө алып келгенде, мен аны үйлөп+, чачып салдым. Эмне үчүн?+ — дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Анткени менин үйүм урап жатса, ар кимиңер өз үйүңөр үчүн чуркап жүрөсүңөр+. 10  Ошондуктан үстүңөрдөгү асман шүүдүрүм бербей калды, жер да түшүм бербей калды+. 11  Мен жерге, тоолорго, эгинге, жаңы шарапка+, майга, жерден өсүп чыккан нерсенин бардыгына, ошондой эле адамга, үй жаныбарларына, силер эмнеге күч жумшасаңар, ошонун баарына кургакчылык жибердим“»+. 12  Ошондо Шалтиелдин уулу Зоробабыл+, Жеосадактын+ уулу башкы дин кызматчы Жашыя жана калган элдин баары Жахаба Кудайынын сөзүнө, ошондой эле Жахаба Кудайы жиберген Акай+ пайгамбардын сөзүнө кулак салышты+. Бүт эл Жахабадан корко баштады+. 13  Жахабанын кабарчысы+ Акай Жахабанын буйругу боюнча элге+: «„Мен силер менен болом“+,— дейт Жахаба»,— деди. 14  Жахаба Жүйүттүн башкаруучусу Шалтиелдин уулу Зоробабылга, Жеосадактын уулу башкы дин кызматчы Жашыяга+ жана калган элдин баарына түрткү бергендиктен+, алар өздөрүнүн Кудайынын, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын, үйүнө барып, иштей башташты+. 15  Бул Дарий падышанын башкаруусунун экинчи жылында+, алтынчы айдын жыйырма төртүнчү күнү болду.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «мас болгон жоксуңар».