Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 92-ЫР

Ысымың менен аталган жер

Select an Audio Recording
Ысымың менен аталган жер
ЖАЙГАШЫШЫ
Text
Image

(1 Жылнаама 29:16)

  1. 1. Ысымыңа арнап үй куруу —

    Абдан чоң сыймык, Жахаба.

    Бул жайды өзүңө арнайбыз,

    Бөлөнсүн ысымың даңкка.

    Бизде бар нерселердин баары

    Таандык бир өзүңө гана.

    Жөндөмүбүздү, мүлкүбүздү

    Жан-дилден беребиз сага.

    КАЙЫРМА

    Арнайбыз бул жайды сага,

    Даңктасын ысымыңды.

    Тартуулайбыз сага гана,

    Кабыл ала көр аны.

  2. 2. Кудай, сени даңазалайлы,

    Толтуруп бул жайды даңкка.

    Үйүңө эл агылып келсин,

    Даңкташсын сени дайыма.

    Ушул жерде сага сыйынып,

    Ыйык тутабыз бул жайды.

    Үйүң күбөлөндүрө берсин

    Сенин жакшы кабарыңды.

    КАЙЫРМА

    Арнайбыз бул жайды сага,

    Даңктасын ысымыңды.

    Тартуулайбыз сага гана,

    Кабыл ала көр аны.