Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 90-ЫР

Бири-бирибизди бекемдейли

Select an Audio Recording
Бири-бирибизди бекемдейли
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

(Еврейлер 10:24, 25)

  1. 1. Үндөсөк бири-бирибизди

    Кудайга кызмат кылууга,

    Бир туугандык сүйүүбүз артат,

    Тынчтык болот арабызда.

    Ишенимдештердин сүйүүсү

    Күч берип, кайраттандырат.

    Жыйналыш — биздин баш маанабыз,

    Коопсуз болобуз ар убак.

  2. 2. Өз убагында айтылган сөз

    Жүрөгүбүздү жылытат.

    Сүйүктүү, адил досторубуз

    Жылуу сөз айтып жубатат.

    Эриш-аркак кызмат аткаруу

    Кандай гана кубанычтуу!

    Бир туугандарды бекемдейли,

    Аларга жөлөк бололу.

  3. 3. Улуу күнгө жакын калганын

    Көрүп жатабыз баарыбыз.

    Чындык жолунан чыкпаш үчүн

    Жыйналышты калтырбайбыз.

    Кудайдын эли менен бирге

    Кызмат кылып түбөлүккө,

    Бири-бирибизди үндөйлү

    Чындык жолунда жүрүүгө.