Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 83-ЫР

Үйдөн үйгө

Select an Audio Recording
Үйдөн үйгө
ЖАЙГАШЫШЫ
Сөзү
Сүрөт

(Элчилер 20:20)

  1. 1. Үйдөн үйгө эшик чертип,

    Кабар таратабыз.

    Айылда, шаарда биз анын

    Койлорун багабыз.

    Кудайдын Падышалыгы

    Башкарып жатканын

    Бүт дүйнөгө жаш-карыбыз

    Айталы ар дайым.

  2. 2. Үйдөн үйгө эшик чертип,

    Жарлайбыз куткаруу.

    Сактап калат Жахабанын

    Ысымын чакыруу.

    Билбегендер урматташат

    Кантип бул ысымды?

    Үймө-үй барып ачабыз,

    Жахаба, атыңды.

  3. 3. Падышалыктын кабарын

    Айтабыз элдерге.

    Кабар угабы, укпайбы,

    Өз эрки бул жерде.

    Кудайдын ысымын айтып,

    Чындыкты жарлайбыз.

    Ар бир түтүндү кыдырып,

    Койлорун табабыз.