Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 8-ЫР

Жахаба — баш маанабыз

Select an Audio Recording
Жахаба — баш маанабыз
ЖАЙГАШЫШЫ
Сөзү
Сүрөт

(Забур 91)

  1. 1. Жахаба — баш маанабыз,

    Калканч, тирегибиз.

    Калкалайт канатына,

    Баш коргоп киребиз.

    Бекем таянсак Кудайга,

    Ээ болобуз колдоосуна.

    Көрсөтөт берилгендик,

    Ал — биздин бекем чебибиз.

  2. 2. Миң-миңдеп ыймансыздар

    Жапырт куласа да,

    Ал коргойт адилдерди,

    Бекем ишен буга.

    Жамандык каптап турса да,

    Коркуп, эч бир калчылдаба.

    Турасың карап гана,

    Кудай калканч болот сага.

  3. 3. Ар кандай тузактардан

    Кудай сени сактайт.

    Күндүз да, түнкүсүн да

    Эч коркунуч баспайт.

    Кырсык-каргаша жолобойт,

    Бардык жолдоруңда коргойт.

    Жахаба — баш маанабыз,

    Өз жолунда бизди колдойт.