Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 68-ЫР

Падышалыктын үрөнүн себели

Select an Audio Recording
Падышалыктын үрөнүн себели
ЖАЙГАШЫШЫ
Сөзү
Сүрөт

(Матай 13:4—8)

  1. 1. Кылалы ишин Мырзабыздын,

    Үнүнө кулак салалы.

    Ал бизге жетекчилик берет,

    Айткандарын аткаралы.

    Чындыктын үрөнүн көп себели

    Жүрөгүнө момундардын.

    Кабарды талыкпай айта берели,

    Кылып колдон келгендин баарын.

  2. 2. Кызматтын болору жемиштүү

    Өзүбүздөн көз каранды.

    Көрсөтсөк чыдамдуулук, сүйүү,

    Адамдар баалайт чындыкты.

    Туруштук берүүгө үйрөтөлү,

    Туш болушат каршылыкка.

    Өсүп чыкканда чындыктын үрөнү

    Бөлөнөбүз зор кубанычка.