Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 66-ЫР

Жакшы кабарды жарыялайлы

Select an Audio Recording
Жакшы кабарды жарыялайлы
ЖАЙГАШЫШЫ
Text
Сүрөт

(Аян 14:6, 7)

  1. 1. Кылымдар бою Тукум сыр бойдон калган.

    Ал жөнүндөгү чындык кийин ачылган.

    Адилдикти сүйгөн боорукер Жахаба

    Көңүлүн бурду күнөөкөр адамзатка.

    Уулу жерди башкарарын ниет кылды.

    Ал өз убагында

    бийлик кыла баштады.

    Жахаба ага даярдады колукту,

    Өз даңкына бөлөп кичине оторду.

  2. 2. Жакшы кабар байыртан айтылып келген.

    Аны жарлоо бүгүн да күтүлөт бизден.

    Кабарды бардык элдерге таратууда

    Кызматташат биз менен периштелер да.

    Жахабаны даңктоо, ысмын ыйык тутуу

    Бул баа жеткис сыймыкты

    баалайлы жогору.

    Кудайыбыздын ысмын алып жүрөбүз,

    Кубанычтуу кабар менен бөлүшөбүз.