Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 63-ЫР

Биз Жахабанын Күбөлөрүбүз!

Select an Audio Recording
Биз Жахабанын Күбөлөрүбүз!
ЖАЙГАШЫШЫ
Сөзү
Сүрөт

(Ышая 43:10—12)

  1. 1. Билбегендер Кудайды

    Жасайт жалган бурканды.

    Жахаба даанышман,

    Күчтүү, акылман.

    Эч нерсеге арзыбайт

    Колдон бүткөн буркандар.

    Эртеңки күндү айта албайт

    Тили жок жалган кудайлар.

    КАЙЫРМА

    Күбөсүбүз Кудайдын

    Жарлап жакшы кабарын.

    Жахаба — чындыктын Кудайы,

    Аткарылат айтканы.

  2. 2. Жахабаны даңктайбыз,

    Анын ысмын жарлайбыз.

    Кабарды тайманбай

    Жарыялайбыз.

    Чындык эркин кыларын

    Издегендер баамдашсын.

    Алардын да сүйүүсү артсын,

    Кудайды шаңдуу даңкташсын.

    КАЙЫРМА

    Күбөсүбүз Кудайдын

    Жарлап жакшы кабарын.

    Жахаба — чындыктын Кудайы,

    Аткарылат айтканы.

  3.  3. Кабар айтып жалпыга,

    Ысымын ыйыктайбыз.

    Эскертип айтабыз

    Мыйзамсыздарга.

    Ким Кудайга кайрылса,

    Ырайым кылат ага.

    Берилгендик рахат тартуулайт,

    Чексиз өмүргө ээ кылат.

    КАЙЫРМА

    Күбөсүбүз Кудайдын

    Жарлап жакшы кабарын.

    Жахаба — чындыктын Кудайы,

    Аткарылат айтканы.