Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 55-ЫР

Алардан коркпогула!

Select an Audio Recording
Алардан коркпогула!
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

(Матай 10:28)

  1. 1. Элим, ар дайым алгала,

    Падышалыкты жарла.

    Душмандан эч коркпогун,

    Бул чындыкты кабарла:

    Машаяк такка отуруп,

    Душман жерге куулганын.

    Жакында Шайтан байланып,

    Баары эркин жашаарын.

    КАЙЫРМА

    Душмандар коркутушса да,

    Эч коркпогун алардан.

    Өз көзүмдүн карегиндей

    Сактайм сени, куткарам.

  2. 2. Душман көп, күчтүү болсо да,

    Шылдыңдап, кордосо да,

    Же сылык-сыпаа сүйлөп,

    Алдоону көздөсө да,

    Жоокерлерим, коркпогула,

    Тайманбай бек тургула.

    Ишенимдүүлөрдү коргойм

    Согуш аяктагыча.

    КАЙЫРМА

    Душмандар коркутушса да,

    Эч коркпогун алардан.

    Өз көзүмдүн карегиндей

    Сактайм сени, куткарам.

  3.  3. Коркпогун, бек тут эсиңе,

    Калканч болом мен сага.

    Кармашта мерт болсоң да,

    Өлүм багынат мага.

    Денени өлтүргөндөрдөн

    Коркпо, менин сүйүктүүм.

    Аягына чейин чыда,

    Бата берем мен Өзүм.

    КАЙЫРМА

    Душмандар коркутушса да,

    Эч коркпогун алардан.

    Өз көзүмдүн карегиндей

    Сактайм сени, куткарам.