Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 48-ЫР

Дайыма Жахабанын жолунда жүрөлү

Select an Audio Recording
Дайыма Жахабанын жолунда жүрөлү
ЖАЙГАШЫШЫ
Text
Сүрөт

(Микей 6:8)

  1. 1. Жахабанын колун кармап,

    Момун болуп жүрөлү дайым.

    Анын ырайымы улуу,

    Эч аябайт бизден батасын.

    Колун сунду Кудай бизге

    Жүрүш үчүн жетелеп.

    Жашообузду ага арнап,

    Бололу ал тарапта бек.

  2. 2. Ачууланып жатат Шайтан

    Бул дүйнө жок болор алдында.

    Үрөйүбүздү учурган

    Туш болобуз каршылыктарга.

    Бирок Кудай коргойт бизди,

    Андан алыстабайлы.

    Аны чын жүрөктөн сүйүп,

    Түбөлүк кызмат кылалы.

  3. 3. Жахабанын ыйык руху,

    Жыйналыштары, ыйык Сөзү

    Жардам берет бек турууга.

    Кудай угат тиленүүбүздү.

    Анын жолу менен жүрсөк,

    Жаман ишке барбайбыз,

    Берилгендиктен жазбайбыз,

    Бир ага моюн сунабыз.