Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 151-ЫР

Ал чакырат

Select an Audio Recording
Ал чакырат
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

(Аюп 14:13—15)

  1. 1. Өмүрүбүз ушунчалык кыска,

    Учкан куштай тез өтөт.

    Буу сымал пайда болуп бир азга,

    Кайгы-муң менен бүтөт.

    Өлгөн адамдар кайра жашайбы?

    Ишен, алар тирилет.

    КАЙЫРМА

    Чакырат Кудай аларды,

    Тирилтет өлгөндөрдү.

    Куса болуп сагынат

    Колунан бүткөндөрдү.

    Таң калба, ишенгин буга.

    Жахаба кудуреттүү.

    Өмүр берет аларга,

    Тирилтет өлгөндөрдү.

  2. 2. Жахабанын достору көз жумса,

    Эч качан унутулбайт.

    Алар Кудайдын эс тутумунда,

    Көрдө түбөлүк калбайт.

    Жакындарыбыз сөзсүз тирилет,

    Түбөлүк өмүр сүрөт.

    КАЙЫРМА

    Чакырат Кудай аларды,

    Тирилтет өлгөндөрдү.

    Куса болуп сагынат

    Колунан бүткөндөрдү.

    Таң калба, ишенгин буга.

    Жахаба кудуреттүү.

    Өмүр берет аларга,

    Тирилтет өлгөндөрдү.