Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 134-ЫР

Балдар — Кудайдын белеги

Select an Audio Recording
Балдар — Кудайдын белеги
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

(Забур 127:3—5)

  1. 1. Артылат чоң жоопкерчилик

    Балалуу болгон ата-энеге.

    Эстеп жүрүшү керек алар

    Балдары таандык Теңирге.

    Балдар — Жахабанын белеги.

    Ал — өмүрдүн, сүйүүнүн булагы.

    Кудай берет туура багытты

    Тарбиялоо үчүн балдарды.

    КАЙЫРМА

    Силерге чоң милдет артылды.

    Балдардын өмүрү кымбат.

    Үйрөтсөңөр Кудай жолуна,

    Алар баалуу мурас алат.

  2. 2. Жахабанын буйруктары

    Болсун силердин жүрөгүңөрдө.

    Аларды уул-кыздарыңарга

    Кайра-кайра үйрөткүлө.

    Жолдо бара жатканыңарда,

    Үйдө отурганда да айткыла.

    Ошондо балдар алат бата,

    Жүрүп Жахабанын жолунда.

    КАЙЫРМА

    Силерге чоң милдет артылды.

    Балдардын өмүрү кымбат.

    Үйрөтсөңөр Кудай жолуна,

    Алар баалуу мурас алат.