Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 126-ЫР

Сергек, бекем, күчтүү бололу

Select an Audio Recording
Сергек, бекем, күчтүү бололу
ЖАЙГАШЫШЫ
Сөзү
Сүрөт

(1 Корунттуктар 16:13)

  1. 1. Сергек, бекем бололу биз,

    Күчүбүздү чыңдайлы.

    Жетебиз сөзсүз жеңишке.

    Тайманбай алгалайлы!

    Буйругун Иса Машаяктын

    Аткаралы талбай күн сайын.

    КАЙЫРМА

    Сергек, бекем, күчтүү бололу

    Кызматыбызда дайым.

  2. 2. Сергек туруп, сак бололу.

    Дайыма тил алалы.

    Машаяктын кул аркылуу

    Айткан сөзүн угалы.

    Ал дайындаган койчулардын

    Кабыл алалы айткандарын.

    КАЙЫРМА

    Сергек, бекем, күчтүү бололу

    Кызматыбызда дайым.

  3.  3. Биримдик, тынчтык сактайлы,

    Коргоп жакшы кабарды.

    Душмандар каршы болсо да,

    Токтотпостон айталы.

    Даңктайлы Жахабанын ысмын.

    Аз калды Сот күнүнө анын!

    КАЙЫРМА

    Сергек, бекем, күчтүү бололу

    Кызматыбызда дайым.