Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 107-ЫР

Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү

Select an Audio Recording
Кудайдан үлгү алып, сүйүү көрсөтөлү
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

(1 Жакан 4:19)

  1. 1. Жахаба Кудай сүйүүнүн үлгүсүн

    Үйрөттү, үйрөттү.

    Жакыныбызга чындап кам көрүүнү

    Иши менен ал көрсөттү.

    Сүйүктүү Уулун биз үчүн жиберди,

    Ката-күнөөнүн бардыгын кечирди.

    Күчтүү сүйүүнүн бул далили болду.

    Кудай жолу — ал сүйүү жолу.

  2. 2. Бир туугандарды чындык жолундагы

    Жан-дилден сүйөбүз.

    Жаштарына да, карыларына да

    Чын жүрөктөн кам көрөбүз.

    Жахабаны да, бир туугандарды да

    Жакшы көрөбүз, жогору баалайбыз.

    Досторубуздун кемчиликтерине

    Көз жумабыз, эч таарынбайбыз.

  3. 3. Ынтымак сактап, киели сүйүүнү,

    Бололу биримдүү.

    Татып көрөлү биримдиктин даамын,

    Тилин алып Жахабанын.

    Сүйүү көрсөтүп, кубанып жүрөлү,

    Кудайдын руху, жардам берет Сөзү.

    Үндөйт туугандар баалоого бул жолду.

    Кудай жолу — ал сүйүү жолу.