Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МАЗМУНУ

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны шаттана ырдап даңктайлы

 101-ЫР

Биримдикте кызмат кылабыз

Select an Audio Recording
Биримдикте кызмат кылабыз
ЖАЙГАШЫШЫ
Text
Сүрөт

(Эфестиктер 4:3)

  1. 1. Бул дүйнөдөн алып чыкты,

    Күчтүү, биримдүү эл кылды.

    Биздеги биримдик, тынчтык

    Тартуулайт зор бакыт.

    Ынтымак, биримдик

    Берет кубаныч.

    Иштер көп аткара турган,

    Жетек алабыз Исадан.

    Тил алып кызмат кылалы,

    Достукту сактайлы.

  2. 2. Кудайдан сурап биримдик,

    Көрсөтөбүз боорукердик.

    Арабызда сүйүү өсөт,

    Кубанычка бөлөйт.

    Тынчтык жан сергитет,

    Көңүл эргитет.

    Ынак сүйүү көрсөтөбүз,

    Биримдикке шарт түзөбүз.

    Кызмат кылабыз Кудайга

    Дайым ынтымакта.