Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабаны даңктап ырдагыла. Жаңы ырлар

 147-ыр

Өзгөчө эл

Өзгөчө эл

Жүктөп алыңыз

(1 Петир 2:9)

  1. Ыйык рухтан төрөлгөн,

    Жаңы элди жараттың.

    Тандап алып аларды,

    Сүйүүңө ээ кылдың.

    КАЙЫРМА

    Өзгөчө эл алар,

    Ысмың менен аталат.

    Сүйүшөт өзүңдү,

    Дүйнөгө даңкыңды жар салат.

  2. «Тандалган тукум» алар,

    Үйрөтүшөт чындыкка.

    Бошотулуп туткундан,

    Чыгышты жарыкка.

    КАЙЫРМА

    Өзгөчө эл алар,

    Ысмың менен аталат.

    Сүйүшөт өзүңдү,

    Дүйнөгө даңкыңды жар салат.

  3. Так аткарып кызматын,

    Койлорду чогултушат.

    Мырзасына баш ийип,

    Буйругун сакташат.

    КАЙЫРМА

    Өзгөчө эл алар,

    Ысмың менен аталат.

    Сүйүшөт өзүңдү,

    Дүйнөгө даңкыңды жар салат.