Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Чындыкты билгиңер келеби?

Чындыкты билгиңер келеби?

ЭМНЕ жөнүндөгү чындыкты? Көптөрдү кызыктырган абдан маанилүү суроолорго байланыштуу чындыкты. Төмөнкү суроолор силерди да кызыктырат чыгар:

  • Кудай бизге кам көрөбү?
  • Согуш менен азап-кайгы жок болобу?
  • Адам өлгөндө эмне болот?
  • Өлгөндөр үчүн кандайдыр бир үмүт барбы?
  • Кудай кандай тиленүүнү угат?
  • Кантип бактылуу болууга болот?

Бул суроолордун жообун кайдан издейт элеңер? Китепканалардан же китеп саткан дүкөндөрдөн ушул суроолордун жооптору камтылган миңдеген китептерди табышыңар мүмкүн. Бирок көп учурда ал китептерде айтылгандар бири-бирине карама-каршы келет. Башкалары болсо учурунда натыйжалуу көрүнгөнү менен, убакыт өткөн соң эскирип калат. Ошондуктан аларды оңдоого же аларды башка китептер менен алмаштырууга туура келет.

Анткен менен ишенүүгө татыктуу жооптор камтылган бир китеп бар. Анда чындык камтылган. Иса Машаяк Кудайга тиленип: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген (Жакан 17:17). Ал Сөз — Ыйык Китеп. Жогорудагы суроолорго кийинки беттерден Ыйык Китептен так, ишенүүгө татыктуу жоопторду ала аласыңар.

Кудай бизге кам көрөбү?

Топ элдин арасындагы адам

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Биз ырайымсыздыкка жана адилетсиздикке толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Көптөгөн диндер азап-кайгынын бардыгы Кудайдын эрки менен болуп жатат деп окутат.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Кудай жамандыкка жооптуу эмес. Аюб 34:10до («Биздин мезгилдин котормосу») мындай делет: «Кудай жамандыктан алыс, Кудуреттүү Кудай адилетсиздик кылайын деген ойдон алыс». Кудайдын адамзатка байланыштуу эң сонун ой-ниети бар. Ошондуктан Иса: «Асмандагы Атабыз… Падышалыгың келсин. Сенин эркиң асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын»,— деп тиленүү керектигин айткан (Матай 6:9, 10). Кудай бизге кам көргөндүктөн өзүнүн ой-ниетин ишке ашыруу үчүн чоң курмандыкка барган (Жакан 3:16).

Кара: Башталыш 1:26—28; Жакып 1:13 жана 1 Петир 5:6, 7.

Согуш менен азап-кайгы жок болобу?

Аскерлер

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Согуштун айынан сансыз кишилер курман болууда. Ал эми азап-кайгыны баарыбыз эле башыбыздан өткөргөнбүз.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Кудай бүт дүйнө жүзүнө тынчтык орнотору тууралуу алдын ала айткан. Анын Падышалыгынын, Кудай башкарган өкмөттүн, алдында адамдар «согушууга үйрөнүшпөйт». Алар «кылычтарын соко кылышат» (Ышайа 2:4). Кудай адилетсиздикти жана азап-кайгыны жок кылат. Ыйык Китепте мындай убада берилет: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары [азыркы күндөгү адилетсиздик менен азап-кайгы да] өтүп кетти» (Аян 21:3, 4).

Кара: Забур 36:10, 11; 45:10 жана Михей 4:1—4.

Адам өлгөндө эмне болот?

Көрүстөн

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Дүйнөдөгү көптөгөн диндер адам өлгөндөн кийин анын ичиндеги бир нерсе андан кийин да жашай берет деп окутат. Айрымдар өлгөндөр тирүүлөргө зыян алып келе алат же Кудай аларды түбөлүккө тозок отунда кыйнайт деп ишенишет.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Адам өлгөндөн кийин анын жашоосу токтойт. Насаатчы 9:5те: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп айтылат. Өлгөндөр эч нерсе билбегендиктен жана сезбегендиктен тирүүлөргө зыян келтире да, жардам бере да алышпайт (Забур 145:3, 4).

Кара: Башталыш 3:19 жана Насаатчы 9:6, 10.

Өлгөндөр үчүн кандайдыр бир үмүт барбы?

Өлгөн сүйүктүү жакыны үчүн кайгыга толгон бала

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Биз жашагыбыз жана жакшы көргөн жакындарыбыз менен жашоонун ыракатын көргүбүз келет. Андыктан өлгөн жакындарыбызды көрүүнү абдан каалаганыбыз — табигый нерсе.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Өлгөндөрдүн көпчүлүгү тирилтилет. Иса «мүрзөлөрдө жаткандардын баары… мүрзөдөн чыгышарын» убада кылган (Жакан 5:28, 29). Тирилтилгендер, Кудайдын алгачкы ой-ниетине ылайык, жер үстүндөгү бейиште жашашат (Лука 23:43). Кудайдын келечекке байланыштуу ушул убадасы тил алчаак адамзаттын чың денсоолукта түбөлүк өмүр сүрөрүн билдирет. Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— деп айтылат (Забур 36:29).

Кара: Аюб 14:14, 15; Лука 7:11—17 жана Элчилер 24:15.

Кудай кандай тиленүүнү угат?

Тиленип жаткан адам

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Дээрлик бардык диндин өкүлдөрү тиленишет. Бирок көптөр тиленүүлөрүнө жооп ала албай жатканын сезишет.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Иса тиленгенде бир эле нерсени кайталай берүүдөн качуу керектигин айткан. Ал: «Тиленгенде… окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе»,— деген (Матай 6:7). Кудай тиленүүлөрүбүздү угушу үчүн, ага жаккандай тиленишибиз керек. Андыктан Кудайдын эркин билишибиз жана ошого ылайык тиленишибиз зарыл. 1 Жакан 5:14тө: «Анын [Кудайдын] эркине ылайык эмне сурабайлы, ал бизди угат»,— делет.

Кара: Забур 64:3; Жакан 14:6, 14 жана 1 Жакан 3:22.

Кантип бактылуу болууга болот?

Ыйык Китепти окуу менен бакыт издеген аял

ЭМНЕ ҮЧҮН МЫНДАЙ СУРОО ТУУЛАТ? Көптөр адамды акча, атак-даңк жана сулуулук бактылуу кылат деп эсептешет. Ошондуктан алар ушулардын артынан сая түшүшөт, бирок бакытка жетпей келет.

ЫЙЫК КИТЕП ЭМНЕГЕ ОКУТАТ? Иса канткенде бактылуу болууга мүмкүн экенин көрсөтүп: «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу»,— деген (Матай 5:3). Эң негизги муктаждыгыбызды канааттандырганда гана, башкача айтканда, Кудай жана анын адамзатка байланыштуу ой-ниети тууралуу чындыкты билүү үчүн зарыл кадамдарды жасаганда гана бактылуу боло алабыз. Ал чындыкты Ыйык Китептен табууга болот. Ошол чындык маанилүүнү маанисизден айырмалоого жардам берет. Чечим чыгарууда жана кандайдыр бир иш кылууда Ыйык Китептен алган билимибизге ылайык иш-аракет кылсак, жашообуз маңыздуураак болот (Лука 11:28).

Кара: Накыл сөздөр 3:5, 6, 13—18 жана 1 Тиметей 6:9, 10.

Жогоруда Ыйык Китептен алты эле суроого жооп алдык. Мындан да көбүрөөк маалымат алууну каалайсыңарбы? Эгер «Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөрдөн» болсоңор, каалаарыңар шексиз. Балким, силерди: «Кудай бизге кам көрсө, эмне үчүн жамандык менен азап-кайгыга узак убакыттан бери жол берип келет? Үйбүлөлүк жашоомду кантип жакшыртсам болот?» — деген сыяктуу суроолор кызыктыраттыр. Ушул жана башка көптөгөн суроолорго Ыйык Китептен толук жана канааттандырарлык жооп алууга болот.

Бирок көптөр Ыйык Китепти окушпайт. Анткени алар аны чоң жана түшүнүүгө кыйын китеп деп эсептешет. Суроолоруңарга Ыйык Китептен жооп алуу үчүн жардам алууну каалайсыңарбы? Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам иретинде эки нерсе сунуштайт.

Биринчиси — «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби. Ал китеп убактысы тар кишилерге абдан маанилүү суроолорго Ыйык Китептен так жооп алуу үчүн караштырылган. Экинчиси — Ыйык Китепти үйдөн акысыз изилдөө. Силердин аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн бири жума сайын үйүңөргө же өзүңөргө ылайык жерге барып, силер менен Ыйык Китепти талкуулоого бир нече убакыт бөлө алат. Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кишилер ушундай изилдөөдөн пайда алып жатышат. Ошондуктан алардын көбү: «Чындыкты таптым!» — деген жыйынтыкка келишти.

Мындан артык баалуу эч нерсе жок. Ыйык Китептеги чындык ырым-жырымдардан жана коркунучтан арылтат. Ошондой эле ал үмүт, кубаныч берет жана ийгиликке жеткирет. Иса: «Силер чындыкты таанып-билесиңер. Ал силерди эркин кылат»,— деген (Жакан 8:32).

1. Ыйык Китеп эмнеге окутканын изилдеген адам; 2. Ыйык Китеп эмнеге окутканын изилдеген аял

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?

Кудай жөн эле кудуреттүү күчпү?

Ыйык Китепте Кудайдын бардык нерсени кудуреттүү күчү менен жаратканы айтылат. Бирок Кудай адам баласына кам көрөбү?

Адам өлгөндө эмне болот?

Өлгөн киши бир нерсе сезеби?

Тирилүү деген эмнени билдирет?

Кимдердин тирилери жөнүндө окуп көргүлө.

Эмне үчүн тиленишим керек? Кудай тилегимди орундатабы?

Кудайдын тиленген нерсеңизди орундатар-орундатпасы көбүнчө өзүңүздөн көз каранды.