Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 130-БӨЛҮМ

Машаякка өлүм өкүмүнүн чыгарылышы

Машаякка өлүм өкүмүнүн чыгарылышы

МАТАЙ 27:31, 32; МАРК 15:20, 21; ЛУКА 23:24—31; ЖАКАН 19:6—17

  • ПИЛАТ ИСА МАШАЯКТЫ БОШОТУУГА АРАКЕТ КЫЛАТ

  • ИСА МАШАЯККА ӨЛҮМ ӨКҮМҮ ЧЫГАРЫЛАТ

Иса пайгамбарды ырайымсыздык менен сабап, кордошсо да, жогорку дин кызматчылар менен алардын таламдаштарынын жүрөгү жибибейт. Алар пайгамбарды өлтүрүп эле тынбаса, жаны жай албачудай. Андыктан: «Устунга када муну! Устунга када!» — деп кыйкыра беришет. Пилат болсо: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла. Мен мындан эч кандай айып тапкан жокмун»,— дейт (Жакан 19:6).

Иса пайгамбардын саясий кылмышкер катары соттолушун көздөгөн жүйүттөрдүн ою оңунан чыккан жок. Эми кандай айып коюшат болду экен? Алар Синедриондун алдында пайгамбарды Кудайга акарат кылган киши катары айыптаганын эстей калып: «Бизде бир мыйзам бар. Ошол мыйзам боюнча, бул өлүшү керек, анткени өзүн Кудайдын уулумун деп атап жүргөн»,— дешет (Жакан 19:7). Мындай айыпты Пилат биринчи жолу угуп отурат.

Ал кайра кирип, кордук көргөн кишини бошотууга дагы бир ирет далалат кылат. Аялы да ал жөнүндө түш көргөнүн айттырып жиберген эле (Матай 27:19). Өзүн «Кудайдын уулумун» деп атаган кишини эми эмне кылыш керек? Пилат анын Галилеядан экенин билет (Лука 23:5—7). Ошентсе да: «Сен кайдан келгенсиң?» — деп сурайт (Жакан 19:9). Пилат: «Бул киши мурун эле бар болгонбу? Чын эле асмандан келгенби?» — деп ойлонгон чыгар.

Ал Иса пайгамбардын Падыша экенин жана анын Падышалыгы бул дүйнөгө таандык эмес экенин өз оозунан уккан болчу. Иса пайгамбар жооп берүүнүн зарылдыгын көрбөйт. Бул Пилаттын намысына тийгендиктен, ал жиндене: «Мага жооп бербейсиңби? Сени бошотуп жиберүүгө да, устунга кадатып салууга да бийлигим бар экенин билбейсиңби?» — дейт (Жакан 19:10).

Иса пайгамбар: «Жогорудан берилбесе, менин үстүмөн эч кандай бийликке ээ болмок эмессиң. Ошондуктан мени колуңа салып берген адамдын күнөөсү чоңураак»,— дейт (Жакан 19:11). Ал бир эле киши жөнүндө эмес, Каяпа менен анын таламдаштары, Жүйүт Искариот жөнүндө сөз кылса керек. Алардын күнөөсү Пилаттыкынан алда канча олуттуу болгон.

Бир чети пайгамбардын сөзүнө, өзүн кармай билгенине таңыркаган, бир чети асмандан келгенби деп корккон Пилат аны бошотуунун жолун кайра издей баштайт. Бирок жүйүттөр аны ого бетер коркутуп: «Эгер аны бошотсоң, падышага дос эмессиң. Ким өзүн падыша кылып көрсөтсө, ал падышага каршы чыккан болот»,— деп кыйкырып киришет (Жакан 19:12).

Башкаруучу Иса пайгамбарды сыртка алып чыгып, сот тактысына отурат да: «Мына, силердин падышаңар!» — дейт. Бирок алар: «Өлтүр аны! Өлтүр! Устунга када!» — деп кыйкыра беришет. Пилат өтүнө: «Падышаңарды устунга кадайынбы?» — деп сурайт. Рим бийлигине көптөн бери нааразы болуп келишсе да, жогорку дин кызматчылар: «Императордон башка падышабыз жок»,— деп жооп беришет (Жакан 19:14, 15).

Мерез жүйүттөрдүн талабына көнүүгө аргасыз болгон Пилат Иса пайгамбарга өлүм өкүмүн чыгарат. Жоокерлер пайгамбардын үстүндөгү кызгылт көк кийимди чечип, кайра өзүнүн сырт кийимин кийгизишет. Ошентип, жума күнү түшкө жакын, 14-нисанда, жаза устунун өзүнө көтөртүп, алып жөнөшөт.

Иса пайгамбар бейшемби күндүн таң заарынан бери кирпик кага элек. Ал улам бир азапка туш болуп, жаны кейип келет. Оор устунду көтөрүп баратып алдан-күчтөн таят. Ошондо жоокерлер өтүп бараткан киреналык Симонго анын устунун көтөртүп коюшат. Иса пайгамбарды көп эл ээрчип барат. Арасында төштөрүн ургулап, боздоп ыйлагандар да бар.

Пайгамбар боздогон аялдарга мындай дейт: «Иерусалим кыздары, мен үчүн ыйлабагыла. Өзүңөр үчүн, балдарыңар үчүн ыйлагыла. Анткени: „Төрөбөс, бала көрбөгөн жана бала эмизбеген аялдар бактылуу!“ — деп айта турган күндөр келатат. Ошондо адамдар тоолорго: „Үстүбүзгө кулагыла!“ — дешет, адырларга: „Бизди басып калгыла!“ — деп айтышат. Дарак көгөрүп турганда ушинтишсе, анда ал куураганда, эмне болот?» (Лука 23:28—31).

Пайгамбар жүйүт эли жөнүндө айтып жаткан эле. Азырынча Иса пайгамбар өзү жана ага ишенген кишилер бар болгондуктан, жүйүт эли бир аз жалбырактары бар, бирок соолуп бараткан даракка окшош болгон. Ал эми ишенимдүү кишилер жок болгондо, жүйүт эли куурап калган дарактай болуп калмак. Көп өтпөй Кудай жүйүт элин жазалаш үчүн римдиктерди жибермек. Эл, мына, ошондо боздоп ыйламак.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса Машаяк өлүм жазасына тартылат

Устунга кадалып, кордолуп өлөрүнүн алдында Иса эмнени негиздеген?