Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 118-БӨЛҮМ

Кимибиз чоңбуз деп талаша кетишет

Кимибиз чоңбуз деп талаша кетишет

МАТАЙ 26:31—35; МАРК 14:27—31; ЛУКА 22:24—38; ЖАКАН 13:31—38

  • БИРИНЧИЛИККЕ УМТУЛБООГО БАЙЛАНЫШТУУ КЕҢЕШ

  • ПЕТИРДИН БАШ ТАРТАРЫН АЙТАТ

  • СҮЙҮҮ МАШАЯКТЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫН АЙЫРМАЛАП ТУРАТ

Иса Машаяк элчилеринин бутун жууп, момундуктун мыкты үлгүсүн көрсөттү. Бул эмне үчүн жөндүү болгон? Анткени алар ушул жагынан жакшырышы керек болчу. Кудайга берилген кишилер болушса да, дагы эле кимибиз чоңбуз деп талаша беришкен (Марк 9:33, 34; 10:35—37).

Ошол күнү кечинде алар дагы бир жолу «кимиси баарынан чоң экени тууралуу катуу талаша» кетишет (Лука 22:24). Буга Мырзасы капаланса керек. Ал эмне кылат?

Элчилерин урушуп кирбей, жумшактык менен: «Падышалар элге үстөмдүк кылышат, элдин үстүнөн бийлик жүргүзгөндөр жакшылык кылуучулар деп аталат. Бирок силер андай болбогула... Кимиси чоң: дасторкондо отурганыбы же кызмат кылганыбы?» — деп айтат. Анан момун болуу жагынан аларга дайыма үлгү көрсөтүп келгенин эстерине салып: «Мен болсо силердин араңарда кызматчыдаймын»,— дейт (Лука 22:25—27).

Элчилер жеткилеңсиз болушса да, Мырзасы сыноолорго кабылганда, жанында болушкан. Ошондуктан ал: «Атам мени менен Падышалык келишимин түзгөндөй, мен да силер менен Падышалык келишимин түзөм»,— дейт (Лука 22:29). Алар ишенимдүү болушкандыктан Мырзасы менен түзүлгөн келишим аркылуу Падышалыкта аны менен бирге бийлик кылышмак.

Элчилер ушундай сонун үмүткө ээ болгону менен, дагы деле жеткилеңсиз болушкан. Машаяк аларга: «Шайтан силерди калбырдан буудай сыяктуу өткөрүүнү талап кылды»,— дейт. Адатта, калбырдан өткөрүлгөн буудай чачылып калчу (Лука 22:31). Машаяк мындай деп эскертет: «Ушул түнү баарыңар менден баш тартып кетесиңер, анткени Ыйык Жазмада: „Койчусун жок кылам, ошондо отордогу койлор туш-тушка чачырап кетет“,— деп жазылган» (Матай 26:31; Закарыя 13:7).

Ошондо Петир: «Сенден баары баш тартса да, мен эч качан баш тартпайм!» — деп ишенимдүү айтат (Матай 26:33). Мырзасы ага ушул түнү, короз 2 жолу кыйкырганча, андан баш тартарын айтат. Бирок: «Мен сенин ишенимиңдин алсырап калбашын сурап жалындуу тилендим. Өкүнгөнүңдөн кийин бир туугандарыңды бекемде»,— дейт (Лука 22:32). Буга Петир: «Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сенден эч качан баш тартпайм!» — дейт (Матай 26:35). Башка шакирттер да ошентишет.

Иса пайгамбар мындай дейт: «Силер менен дагы бир аз эле убакыт болом. Мени издейсиңер. Бирок жүйүттөргө: „Мен бара турган жакка силер бара албайсыңар“,— деп айткан сөздөрүмдү азыр силерге да айтам. Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:33—35).

Анын бир аз эле убакыт болом деген сөзүн уккан Петир: «Мырзам, кайда баратасың?» — деп сурайт. Ал: «Мен бараткан жакка сен азыр бара албайсың, кийин барасың»,— деп жооп берет. Буга таң калган Петир: «Мырзам, эмнеге азыр артыңдан бара албайм? Сен үчүн жанымды да кыюуга даярмын»,— дейт (Жакан 13:36, 37).

Иса пайгамбар аларды, акча жана азык салынган баштык албай, Галилеяга кабар айтууга жибергенин эске салат (Матай 10:5, 9, 10). Анан: «[Ошондо] бир нерсеге муктаж болдуңар беле?» — деп сурайт. Алар: «Жок»,— дешет. Эми алар эмне кылышы керек? Мырзасы мындай көрсөтмө берет: «Азыр кимдин капчыгы бар болсо, ал аны да, баштыгын да алсын. Кимдин кылычы жок болсо, ал сырт кийимин сатып, кылыч сатып алсын. Силерге айтып коёюн: „Кылмышкер катары эсептелди“,— деген сөздөр мага байланыштуу аткарылышы керек. Анткени мен жөнүндө жазылгандар аткарылып жатат» (Лука 22:35—37).

Иса пайгамбар кылмышкерлердин жанында устунга кадалары жөнүндө айтып жаткан болчу. Ошондон кийин анын жолдоочулары катуу куугунтукка кабылышмак. Буга даяр экенин көрсөтүш үчүн шакирттер: «Мырзам, бул жерде эки кылыч бар»,— дешет. «Ошол жетет»,— дейт ал (Лука 22:38). Кийинчерээк ал ошого байланыштуу аларды дагы бир маанилүү нерсеге үйрөтмөк.