Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 109-БӨЛҮМ

Диний жетекчилерди ашкерелеши

Диний жетекчилерди ашкерелеши

МАТАЙ 22:41—23:24; МАРК 12:35—40; ЛУКА 20:41—47

  • МАШАЯК КИМДИН УУЛУ?

  • МАШАЯК ЭКИ ЖҮЗДҮҮ ДУШМАНДАРДЫ АШКЕРЕЛЕЙТ

11-нисан. Диний жетекчилер Иса пайгамбардын Машаяк эмес экенин далилдей да, аны Рим өкмөтүнө салып бере да алышкан жок (Лука 20:20). Пайгамбар душмандарына Машаяк экенин ачык айтат. Ал: «Машаяк жөнүндө эмне деп ойлойсуңар? Ал кимдин уулу?» — деп сурайт (Матай 22:42). Машаяктын Дөөтү падышанын тукумунан чыгаары баарына маалым болгон. Андыктан алар: «Дөөтүнүн»,— деп жооп беришет (Матай 9:27; 12:23; Жакан 7:42).

Машаяк: «Анда эмне үчүн Дөөтү ыйык рухтун таасири менен аны „Мырзам“ деп атайт? Ал: „Жахаба менин Мырзама: “Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче, оң жагымда отур”,— деди“,— дебеди беле? Эгерде Дөөтү аны „Мырзам“ деп атаса, анда Машаяк кантип Дөөтүнүн уулу болсун?» — деп сурайт (Матай 22:43—45).

Фарисейлер унчукпайт. Алар Дөөтүнүн тукумунан чыккан бир киши элди Римдин эзүүсүнөн куткарат деп ойлошкон. Бирок Машаяк Дөөтүнүн Забур 110:1, 2деги сөздөрүнүн негизинде Машаяктын жөнөкөй эле падыша болбой турганын айтат. Ал Дөөтүнүн Мырзасы болмок жана Кудайдын оң жагына отургандан кийин күчүн колдоно баштамак. Каршылаштары буга да эчтеке дей албайт.

Машаяк шакирттерине китепчилер менен фарисейлерден сак болуу керектигин эскертет. Анткени дин кызматчылар элге Мыйзамды окутуш үчүн «Мусанын ордуна отуруп» алышкан эле. Иса пайгамбар: «Алардын айткандарынын баарын аткаргыла, бирок кылгандарын кылбагыла. Анткени алар айтарын айтышат, бирок өздөрү аткарышпайт»,— деп эскертет (Матай 23:2, 3).

Анан диний жетекчилердин эки жүздүү экенин далилдеш үчүн: «Тагынып жүргөн тумарларынын көлөмүн чоңойтушат»,— дейт. Жүйүттөрдүн айрымдары чекесине же колуна Мыйзамдын үзүндүлөрү жазылган чакан тумарларды тагынышчу. Фарисейлер болсо өздөрүн такыбаа көрсөтүш үчүн тумарларынын көлөмүн чоңойтушчу. Ысрайылдыктардын кийиминин этегинде чачылар боло турган, ал эми фарисейлер чачыларын алардыкынан узунураак кылып алышчу (Сандар 15:38—40). Кыскасы, баарын «элге көрүнүш үчүн жасашчу» (Матай 23:5).

Машаяктын шакирттери да көрүнүктүү абалды көксөй башташы мүмкүн болгондуктан, ал мындай дейт: «Силер „Устат“ деп аталбагыла, анткени бир эле устатыңар бар. Силер болсо бир туугансыңар. Ошондой эле жер үстүндө эч кимди „Ата“ деп атабагыла, анткени бир эле Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар. „Жол башчы“ деп да аталбагыла, анткени бир эле Жол башчыңар бар. Ал — Машаяк. Араңарда ким чоң болсо, ал силерге кызматчы болсун. Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт» (Матай 23:8—12).

Андан ары: «Китепчилер жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, башыңарга каран түн түшөт! Анткени башкалардын асман Падышалыгына киришине тоскоолдук кылып жатасыңар. Өзүңөр да кирбей, кирүүнү каалагандарды да киргизбей жатасыңар»,— дейт (Матай 23:13).

Машаяк фарисейлерди элден бөтөнчөлөнгөнү, рухий нерселерди баалабаганы үчүн ашкерелейт. Мисалы, алар: «Кимдир бирөө ибадаткананы оозанып ант берсе, эч нерсе эмес. Ал эми ибадаткананын алтынын оозанып ант берсе, анда антын аткарууга милдеттүү»,— дешчү. Ушундайча алар акча жандуу экенин көрсөтүп, Жахабага жакындоого жардам берген сыйынуу жайынан да анын алтынын артык көрүшкөн. Ооба, алар «Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге: адилеттүүлүккө, кайрымдуулукка, ишенимдүүлүккө маани беришкен» эмес (Матай 23:16, 23; Лука 11:42).

Машаяк фарисейлерди чиркейди чыпкалап, бирок төөнү жуткан «сокур жол көрсөтүүчүлөр» деп атаган (Матай 23:24). Чиркей арам болгондуктан, аны шараптан чыпкалап салышчу. Бирок Мыйзамдагы орчундуураак нерселерге көз жумуп коюшар эле. Бул арам деп эсептелген чоң жаныбарды, төөнү, жутуп жибергенге эле тете болгон (Лебилер 11:4, 21—24).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса — убада кылынган Машаяк

Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктардын баары Исага байланыштуу аткарылган. Алардын кандайча майда-чүйдөсүнө чейин аткарылганын Ыйык Китебиңерден текшерип көргүлө.