Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 135-БӨЛҮМ

Тирилгенден кийин көптөргө көрүнөт

Тирилгенден кийин көптөргө көрүнөт

ЛУКА 24:13—49; ЖАКАН 20:19—29

  • ЭМАУСКА БАРАТКАН ШАКИРТТЕРИНЕ КӨРҮНӨТ

  • ШАКИРТТЕРИНЕ ЫЙЫК ЖАЗМАНЫ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ТҮШҮНДҮРӨТ

  • ТОМАС ШЕКТЕНЕТ

16-нисан, жекшемби. Шакирттердин көңүлү суз. Алар мүрзөнүн эмне үчүн бош калганын түшүнө албай бушайман (Матай 28:9, 10; Лука 24:11). Кечке жуук Клеопа менен дагы бир шакирт Иерусалимден 11 чакырымдай алыс жайгашкан Эмаус айылына жөнөшөт.

Жолдон алар болуп өткөн окуяларды талкуулашат. Бир маалда аларга бейтааныш киши кошулуп: «Эмне жөнүндө сүйлөшүп баратасыңар?» — деп сурайт. Клеопа: «Сен эч ким менен сүйлөшпөй, Иерусалимде келгин сыяктуу жашайт окшойсуң. Ушул күндөрү эмне болгонун билбейсиңби?» — дейт. «Эмне болду эле?» — деп сурайт тиги киши (Лука 24:17—19).

«Назареттик Исаны эмне кылышканын билбейсиңби?.. Биз болсо Ысрайылды куткара турган ошол деп үмүттөнүп жүргөн элек»,— дейт экөө (Лука 24:19—21).

Анан баарын төкпөй-чачпай айтып беришет. Алар бир нече аялдын мүрзөнүн бош калганын көргөнүн жана адаттан тыш окуяга күбө болгонун да айтышат. Көрсө, периштелер пайда болуп, Машаяктын тирилгенин кабарлашыптыр. Башка шакирттер да мүрзөгө барышса, «бардыгы аялдар айткандай болуп чыгыптыр» (Лука 24:24).

Эки шакирттин ошол окуялардын маанисин түшүнбөй жатканын көргөндө бейтааныш киши бийлиги бар адамдай сүйлөп, алардын туура эмес көз карашын оңдойт. Ал: «Оо, акылсыздар, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарын качан жүрөгүңөр менен кабыл аласыңар?! Машаяк даңкка бөлөнүшү үчүн ушулардын баарын башынан өткөрүп, азап тартышы керек эмес беле?!» — дегенде, эки шакирттин жүрөгү козголо түшөт (Лука 24:25, 26). Бейтааныш киши андан ары Ыйык Жазмада Машаяк жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берет.

Жүрүп отуруп, үчөө Эмауска жетет. Эки шакирт дагы көбүрөөк билгиси келип: «Биз менен кал, кеч кирип калды»,— деп өтүнүшөт. Ал макул болот. Анан алар дасторконго отурушканда, ал нанды алып, Кудайдан тиленет да, аны сындырып, экөөнө узатат. Алар аны ошондо барып таанышат. Бирок ал көздөн кайым болот (Лука 24:29—31). Ошентип, алар Мырзасынын тирүү экенинен шектенбей калышат.

Алар кубанычы койнуна батпай: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешет (Лука 24:32). Анан Иерусалимге шашып жөнөп, элчилер менен башка шакирттерди издеп табышат. Алар айтып баштагыча эле, башкалар: «Мырзабыз, чын эле, тирилиптир! Ал Симонго көрүнүптүр!» — дешет (Лука 24:34). Андан соң экөө Иса Машаяктын кантип пайда болгонун айтып берет. Ооба, алар аны өз көзү менен көрүшкөн.

Бир маалда шакирттер чогулган бөлмөдө Иса Машаяк пайда болот. Баары таң калып, ишене албай туруп калышат, анткени жүйүттөрдөн корккондуктан эшикти илип алышкан эле. Машаяк аларга: «Силерге тынчтык болсун»,— дейт. Шакирттер мурун болгон бир окуяны эстей коюп, «көздөрүнө элес көрүнүп жатабы» деп коркуп кетишет (Лука 24:36, 37; Матай 14:25—27).

Өзүнүн элес эмес, адам кейпин кийип келген Машаяк экенин далилдеш үчүн: «Эмнеге коркуп кеттиңер? Эмнеге жүрөгүңөрдө шек санап жатасыңар? Колу-бутумду карасаңар, бул менмин. Мага колуңарды тийгизип көргүлө. Элестин меникиндей эти да, сөөгү да болбойт»,— деп айтат (Лука 24:36—39). Шакирттер бир чети кубанышса, бир чети таң калып, ишенип-ишенбей туруп калышат.

Элес эмес экенине дагы бир жолу ынандырыш үчүн ал: «Жегенге бир нерсеңер барбы?» — деп сурайт. Анан бир кесим куурулган балык жеп: «Силер менен жүргөнүмдө Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын жазууларында жана Забурда мен жөнүндө жазылгандын баары аткарылышы керектигин айтпадым беле»,— дейт (Лука 24:41—44).

Ал Ыйык Жазманы Клеопа менен жанындагы шакиртке түшүндүргөндөй эле, чогулгандардын баарына да түшүндүрүп, мындай дейт: «Ыйык Жазмада жазылгандай, Машаяк азап чегип, өлүп, үчүнчү күнү тирилет; анын ысмынын негизинде бардык элдерге күнөөлөрү кечирилиши үчүн өкүнүү керектиги жарыяланат. Иерусалимден баштап силер ушуларга күбө болосуңар» (Лука 24:46—48).

Кайсы бир себептен улам элчи Томас ошол жолугушууга келбей калган эле. Шакирттер ага жолукканда кубана: «Биз Мырзабызды көрдүк!» — дешет. Бирок ал: «Колдорундагы мыктан калган жарааттарды көрмөйүн, ал жарааттарга жана капталына колумду тийгизмейин ишенбейм»,— деп айтат (Жакан 20:25).

Сегиз күндөн кийин шакирттер кайра чогулушат, бул жолкусунда Томас да бар. Эшик бек болсо да, адам кейпин кийген Мырзасы алардын так ортосуна пайда болуп: «Силерге тынчтык болсун»,— дейт. Анан Томаска кайрылып: «Манжаңды бул жериме тийгизип, колдорумду карап көр. Колуңду сунуп, капталыма тийгизип көр. Мындан ары шектенбе, ишен»,— деп айтат. Ошондо Томас: «Мырзам, Кудайым!» — дейт (Жакан 20:26—28). Ооба, ал Мырзасынын рухий жаратуу катары тирилгенине жана Жахабанын өкүлү катары келгенине шектенбей калат.

Мырзасы ага: «Мени көргөнүң үчүн ишенип калдыңбы? Көрбөй туруп ишенгендер бактылуу»,— деп айтат (Жакан 20:29).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса пайгамбар чын эле тирилди беле?

Иса пайгамбардын тирилгени Ыйык Китепте жазылгандардын өзөгүн түзгөндүктөн, анын чын эле тирилген-тирилбегенин билгенге аракет кылышыбыз керек.