Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 122-БӨЛҮМ

Үстүнкү бөлмөдөгү акыркы тиленүүсү

Үстүнкү бөлмөдөгү акыркы тиленүүсү

ЖАКАН 17:1—26

  • КУДАЙДЫ ЖАНА АНЫН УУЛУН ТААНЫП-БИЛҮҮНҮН ПАЙДАСЫ

  • ЖАХАБА МЕНЕН МАШАЯКТЫН ЖАНА АНЫН ЖОЛДООЧУЛАРЫНЫН БИРИМДИГИ

Иса Машаяк жакында асманга кетет. Элчилерин абдан жакшы көргөндүктөн аларды буга даярдайт. Ал асманды карап: «Ата,.. уулуң сени даңкташы үчүн, уулуңду даңктай көр. Анткени уулуң өзүнө тапшырылгандардын баарына түбөлүк өмүр бериши үчүн, сен ага бүт адамзаттын үстүнөн бийлик бердиң»,— деп тиленет (Жакан 17:1, 2).

Ооба, Иса Машаяк Кудайдын даңкталышы баарынан маанилүү экенин билген. Анын түбөлүк өмүр жөнүндө сөз кылганы да көңүлгө аларлык. Ага «бүт адамзаттын үстүнөн бийлик» берилгендиктен, ал төлөгөн кундан пайда алууга баарына мүмкүнчүлүк берилет. Бирок мындай батаны айрымдар гана алышат. Себеби Машаяктын: «Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сени жана сен жиберген Машаякты таанып-билүү зарыл»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылгандар гана кундан пайда алат (Жакан 17:3).

Ар бир киши Кудайды да, анын Уулун да таанып-билип, алар менен тыгыз мамиледе болушу керек. Андан тышкары, ал экөөнүкүндөй көз карашка ээ болууга тийиш. Башкалар менен мамилелешүүдө алардыкындай теңдешсиз сапаттарды чагылдырууга да аракет кылышы зарыл. Ошондой эле Кудайдын даңкталышы адамдардын түбөлүк өмүргө ээ болушунан да маанилүү экенин түшүнүшү керек. Иса Машаяк сөзүн мындай деп улайт:

«Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым. Ата, эми мени жаныңа алып, дүйнө жаралганга чейин жаныңда жүргөндө ээ болгон даңкыма бөлөй көр» (Жакан 17:4, 5). Ооба, ал асмандагы даңкына кайрадан ээ болуш үчүн Атасынан аны тирилтишин суранган.

Иса Машаяк жерде жүргөндө эмнелерди кылганын да айтып: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып бердим. Алар сеники болчу, мага бердиң. Алар сенин сөзүңдү сакташат»,— деп тиленет (Жакан 17:6). Иса Машаяк Кудайдын ысмын жарыялагандан тышкары, элчилерине ал ысымдын маанисин, тагыраак айтканда, Кудайдын сапаттарын жана адамдарга кандай мамиле кыларын да ачып берген.

Натыйжада элчилер Жахабаны таанып-билишкен, Уулунун жерге эмне үчүн келгенин, насааттарын түшүнүшкөн. Иса пайгамбар момундук менен: «Мага айткан сөздөрүңдү аларга айттым, алар баарын кабыл алышты жана сенден келгенимди чындап түшүнүп, мени сен жибергениңе ишеништи»,— деген (Жакан 17:8).

Ал өмүрүн жалпы адамзат үчүн бере турган болсо да, жолдоочулары үчүн атайын мындай деп суранат: «Мен... дүйнө үчүн эмес, мага тапшырган адамдарың үчүн суранып жатам, анткени алар сеники... Ыйык Ата, мага берген өзүңдүн ысмың үчүн аларды коргой жүр: алар биз сыяктуу бир болушсун... Аларды коргоп, сактап жүрдүм... Өлүм уулунан башка эч кимиси жоголгон жок» (Жакан 17:9—12).

Ал андан ары: «Дүйнө... аларды жек көрдү... Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм. Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп тиленет (Жакан 17:14—16). Элчилер жана башка шакирттер Шайтандын дүйнөсүндө жашашкан. Бирок алар бул дүйнөдөн да, анын ыпылас иштеринен да оолак болууга тийиш болгон. Кантип?

Алар Еврей Жазмаларындагы чындыкка жана Иса Машаяктын насаатына ылайык жашап, Кудайга кызмат кылыш үчүн өздөрүн ыйык сакташы керек болчу. Машаяк тиленүүсүн: «Аларды чындык аркылуу ыйыкта. Сенин сөзүң — чындык»,— деп улантат (Жакан 17:17). Убакыттын өтүшү менен кээ бир элчилер Ыйык Китептин айрым бөлүктөрүн жазууга катышмак. Ал Жазмалар да адамды «ыйыктай» турган «чындыктын» бир бөлүгү болмок.

«Чындык» жолуна дагы көптөр түшмөк. Андыктан пайгамбар Кудайдан «алар [шакирттери] үчүн эле эмес, алардын сөзү аркылуу [ага] ишене тургандар үчүн да суранган». Ал эмнени сураган? «Алардын бардыгы бир болсун. Ата, сен мени менен, мен сени менен биримдикте болгондой эле, алар да экөөбүз менен биримдикте болушсун»,— деп жалынган (Жакан 17:20, 21). Бирок Иса Машаяк менен Кудай сөздүн түз маанисинде бирөөнү билдирбейт. Экөөнүн ою, максаты бирдей болгондуктан, алар биримдикте. Андыктан Машаяк жолдоочуларынын да ортосунда биримдик болушун сурап тиленген.

Бир аз мурунураак ал элчилерине асманга барып, аларга орун даярдай турганын айткан болчу (Жакан 14:2, 3). Эми ал муну тиленүүсүнө да кошуп: «Ата, мага тапшырган адамдарыңдын мен боло турган жерде мени менен болуп, мага берген даңкыңды көрүшүн каалайм. Анткени сен мени дүйнө негизделгенге чейин эле сүйчүсүң»,— дейт (Жакан 17:24). Бул, Адам ата менен Обо эне балалуу болгонго чейин эле, Кудайдын өзүнүн жалгыз Уулун жакшы көргөнүн көрсөтүп турат.

Тиленүүсүнүн соңунда Иса пайгамбар Кудайдын ысмын билүүнүн маанилүүлүгү, Кудайдын элчилерди жана «чындык» жолуна түшө тургандарды жакшы көрөрү тууралуу мындай дейт: «Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн, сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем» (Жакан 17:26).