Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 129-БӨЛҮМ

«Мына, адам!»

«Мына, адам!»

МАТАЙ 27:15—17, 20—30; МАРК 15:6—19; ЛУКА 23:18—25; ЖАКАН 18:39—19:5

  • ПИЛАТ МАШАЯКТЫ БОШОТУУГА АРАКЕТ КЫЛАТ

  • ЖҮЙҮТТӨР БАРАБАНЫ БОШОТУП БЕРИШИН ТАЛАП КЫЛЫШАТ

  • ИСА МАШАЯКТЫ ШЫЛДЫҢДАП, УРУП-САБАШАТ

Пилат Иса Машаякты өлтүргүсү келген элге: «Койгон айыптарыңардын бирин да тапкан жокмун. Ирод да таппай, кайра бизге жөнөтүптүр»,— дейт (Лука 23:14, 15). Анан Машаякты бошотуунун айласын издеп: «Салтыңар боюнча, силерге пасах майрамында бир кылмышкерди бошотуп берчү эмес белем. Жүйүттөрдүн Падышасын бошотуп беришимди каалайсыңарбы?» — дейт (Жакан 18:39).

Пилат талап-тоногону, козголоң чыгарганы, киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө түшкөн Барабаны жакшы билчү. Андыктан: «Кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар: Барабаныбы же Машаяк атанган Исаныбы?» — деп сурайт. Жогорку дин кызматчылардын шыкагы менен эл Машаякты эмес, Барабаны бошотуп беришин талап кылат. Пилат дагы бир жолу: «Экөөнүн кимисин бошотуп берейин?» — деп сурайт. Эл: «Барабаны»,— деп кыйкырат (Матай 27:17, 21).

Эмне кыларын билбей калган Пилат: «Анда Машаяк атанган Исаны эмне кылайын?» — деп сурайт. Ал жердегилердин баары: «Устунга кадалсын!» — деп кыйкырышат (Матай 27:22). Алардын жазыксыз кишинин өлүмүн талап кылганы барып турган наадандык болгон. Пилат элден өтүнүп: «Эмнеге? Бул киши эмне жамандык кылды? Мен мындан өлүм жазасына тарткыдай эч айып тапкан жокмун. Ошондуктан жазалап туруп, коё берем»,— дейт (Лука 23:22).

Пилат канча аракет кылбасын, көшөргөн эл: «Устунга кадалсын!» — деп кыйкырганын койбойт (Матай 27:23). Диний жетекчилердин тукуругуна ууккан эл кан төгүлүшүн талап кылып туруп алат. Алар кылмышкердин же киши өлтүргөн бирөөнүн эмес, беш күн мурун Иерусалимге Падыша катары кирип барган бейкүнөө кишинин өлүмүн талап кылышкан. Элдин арасында Машаяктын шакирттери бар беле? Болсо да, көзгө илинбеш үчүн унчугушпайт.

Пилат аракетинен майнап чыкпаганын түшүнөт. Жаалданган эл күчөгөндөн күчөй бергендиктен, ал элдин көзүнчө колун жууйт да: «Мен бул адамдын канынын төгүлүшүнө күнөөлүү эмесмин. Калганын өзүңөр билгиле»,— деп айтат. Бирок эл тынчып калбастан, кайра: «Анын каны биздин жана балдарыбыздын мойнунда болсун»,— дейт (Матай 27:24, 25).

Өкүмдар туура иш кылгандын ордуна, элдин талабына көнүп, Барабаны бошотуп берет. Анан Иса Машаякты чечинтип, аны сабоону буйруйт.

Жоокерлер аны көк ала койдой сабашкандан кийин башкаруучунун ак сарайына алып барышат. Анан аскер бөлүгүнүн баары чогулуп, аны кордой башташат. Алар Машаяктын үстүнө падышалар кийчү кызыл жабуу жаап, башына тикенектен өрүлгөн таажы кийгизип, оң колуна камыш таяк карматышат. Анан: «Саламатсыңбы, жүйүттөрдүн Падышасы!» — деп келекелешет (Матай 27:28, 29). Анысы аз келгенсип, жаба түкүрүп, жаакка чабышат. Колундагы камыш таякты алып, башка да чабышат. Чапкан сайын таажынын тикенектери баш терисине матырыла берет.

Иса Машаяктын ушундай кордукка чыдаганына, жалтактап кадыр-баркын түшүрбөгөнүнө таасирленген Пилат өзүн акташ үчүн: «Карагыла! Андан эч кандай айып таппаганымды билишиңер үчүн, аны алдыңарга алып чыгып жатам»,— дейт. Ал канжалаган пайгамбарды көргөндө элдин бир аз да болсо боору ачыйбы деп ойлогон чыгар. Пилат таш боор элге: «Мына, адам!» — дейт (Жакан 19:4, 5).

Сабалып, кансырап турса да, Иса пайгамбар боюн түз кармап, сабырдуулугунан жазбайт. Пилаттын сөздөрүнөн аны бир чети аяса, бир чети урматтаганы билинер-билинбес байкалып турган.