Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 104-БӨЛҮМ

Кудайдын үнүн уккан жүйүттөр ишенишеби?

Кудайдын үнүн уккан жүйүттөр ишенишеби?

ЖАКАН 12:28—50

  • КӨПТӨР КУДАЙДЫН ҮНҮН УГУШАТ

  • ЭМНЕНИН НЕГИЗИНДЕ СОТТОЛОБУЗ?

10-нисан, дүйшөмбү. Ибадаткана. Машаяк жакында өлүмгө дуушар болорун айтат. Өлүмү Кудайдын ысмына кандай таасир этерин ойлоп тынчсыздангандыктан: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— дейт. Ошондо асмандан: «Даңктадым, дагы да даңктайм»,— деген үн угулат (Жакан 12:27, 28).

Эл аң-таң болот. Айрымдары: «Күн күркүрөдү»,— десе, башкалары: «Периште сүйлөдү»,— дешет (Жакан 12:29). Чынында, асмандан Жахаба сүйлөгөн болчу. Кудайдын асмандан Уулу жөнүндө айтканын адамдар биринчи жолу угуп отурган жок.

Үч жарым жыл мурун Жакан Иса пайгамбарды чөмүлтүп жатканда Кудайдын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— дегенин уккан болчу. Ал эми б.з. 32-жылы Пасахтан кийин Машаяктын көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө күбө болгон Жакып, Жакан жана Петир Кудайдын: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм. Уулумду уккула»,— деп айтканын угушкан (Матай 3:17; 17:5). Ошентип, бүгүнкүнү кошкондо Кудай асмандан үчүнчү жолу сүйлөдү.

Машаяк: «Бул үн мен үчүн эмес, силер үчүн угулду»,— дейт (Жакан 12:30). Ооба, Кудайдын сүйлөгөнү Исанын убадаланган Машаяк, Кудайдын Уулу экенин тастыктап турган.

Иса Машаяк өзүнүн үлгүсү аркылуу кандай жашаса туура болорун көрсөткөн жана бул дүйнөнүн төрөсү Шайтандын жок кылынууга тийиш экенин далилдеген. Ал: «Бул дүйнө соттоло турган убак келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусу куулуп чыгарылат»,— дейт. Машаяк өлгөндө жеңилмек эмес, жеңишке жетмек. Кандайча? Ал: «Мен болсо жерден көтөрүлгөндөн кийин өзүмө ар кандай адамдарды жакындатам»,— дейт (Жакан 12:31, 32). Устунга кадалып өлгөндөн кийин Машаяк башкаларды өзүнө жакындатып, түбөлүк өмүргө жол ачмак.

«Жерден көтөрүлгөндөн кийин» дегенди укканда эл: «Биз Мыйзамда Машаяктын түбөлүк жашаары тууралуу айтылганын укканбыз. Адам Уулунун жогору көтөрүлүшү керектиги жөнүндөгү сөздөрүңдү кандай түшүнсө болот? Адам Уулу деген ким?» — деп сурайт (Жакан 12:34). Далилдер көп болсо да, атүгүл Кудайдын үнүн угушса да, алардын көбү Иса пайгамбардын чыныгы адам Уулу жана Машаяк экенине ишенбей коюшкан.

Иса Машаяк өзүнүн «жарык» экенин дагы бир жолу айтат (Жакан 8:12; 9:5). Ал элди: «Жарык араңарда дагы бир аз убакыт болот. Караңгылык силерди каптап калбашы үчүн, жарык барда, жарыкта жүргүлө... Жарыктын уулдары болушуңар үчүн, араңарда жарык барда, ага ишенгиле»,— деп үндөйт (Жакан 12:35, 36). Анан кетип калат, анткени анын өлө турган убагы келе элек болчу. Ал 14-нисанда Пасахтан кийин «устунга кадалмак» (Галатиялыктар 3:13).

Жүйүттөрдүн Машаякка ишенбей коёру күн мурун эле айтылган. Ышая пайгамбар алардын, айыгыш үчүн, Кудайга кайрылбай турганын, көздөрүн сокур кылып, жүрөктөрүн катуулантарын алдын ала айткан (Ышая 6:10; Жакан 12:40). Ооба, жүйүттөрдүн көбү Машаяктын Куткаруучу жана өмүр жолу экенин кайра-кайра четке кагышкан.

Ал эми Никедим, ариматаялык Жусуп жана башка көптөгөн башкаруучулар Машаякка «ишенишкен». Бирок алар ишенимине жараша иш кылышабы же синагогадан чыгарылып калабыз деп корккондуктан жана эл алдында даңкталганды артык көргөндүктөн чечкинсиз болуп жүрө беришеби? (Жакан 12:42, 43).

Машаяк ага ишенүү эмнени билдирери жөнүндө: «Ким мага ишенсе, мага эле эмес, мени жибергенге да ишенет. Ким мени көрсө, мени жибергенди да көрөт»,— дейт. Кудайдын буйругу менен Машаяк жар салып жаткан чындык ушунчалык маанилүү болгондуктан, ал: «Мени четке кагып, сөздөрүмдү кабыл албагандарды соттой турган сот бар. Мен айткан сөз аларды акыркы күнү соттойт»,— дейт (Жакан 12:44, 45, 48).

Анан сөзүн: «Мен өз оюмдан чыгарып сүйлөгөн жокмун. Эмнени айтып, эмнени сүйлөшүм керектигин мага мени жиберген Атам осуят кылган. Анын осуяты түбөлүк өмүргө алып барарын билем»,— деп корутундулайт (Жакан 12:49, 50). Машаяк ага ишенгендер үчүн өз өмүрүн бере турган убактын жакын калганын жакшы билген (Римдиктер 5:8, 9).

Көбүрөөк билиңиз

ЫЙЫК КИТЕПТЕ КАНДАЙ КАБАР КАМТЫЛГАН?

Машаяктын келиши

Кудай Исанын Машаяк экенин көрсөтүш үчүн периштелерди жана Чөмүлдүрүүчү Жаканды кантип колдонгон? Кудай Уулу Исанын чынында эле Машаяк экенин кантип айкын көрсөткөн?