Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 108-БӨЛҮМ

Душмандардын арам ою ишке ашпайт

Душмандардын арам ою ишке ашпайт

МАТАЙ 22:15—40; МАРК 12:13—34; ЛУКА 20:20—40

  • ПАДЫШАГА ТИЕШЕЛҮҮНҮ ПАДЫШАГА БЕРГИЛЕ

  • ТИРИЛГЕНДЕР АЯЛ АЛЫП, КҮЙӨӨГӨ ЧЫГЫШАБЫ?

  • ЭҢ МААНИЛҮҮ ОСУЯТТАР

Душмандардын ачуусу келип турат. Себеби Иса Машаяк алардын кара ниет экенин ачыкка чыгарган мисал айтты. Эми фарисейлер аны римдиктердин колуна салып берүүнүн жолун издей башташты. Алар анын сөзүнөн кармаш үчүн өздөрүнүн шакирттерине акча төлөп, ага жиберишет (Лука 6:7).

Жиберилгендер: «Устат, сенин туура сүйлөп, туура окутарыңды жана бет карамалык кылбай, Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүңдү билебиз. Падышага салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» — деп сурашат (Лука 20:21, 22). Бирок Машаяк эки жүздүү, амалкөй ал кишилердин аны калп эле мактап жатышканын дароо баамдайт. Эгер ал: «Жок, туура эмес»,— десе, Рим бийлигине каршы чыккан киши катары айыпталмак. Ал эми: «Ооба, туура»,— десе, Рим бийлигине нааразы болгондор аны туура эмес түшүнүп алып, ага кол салышмак. Анда ал эмне деп жооп берет болду экен?

«Мени эмнеге сынап жатасыңар, эки жүздүүлөр? Салыкка төлөнчү тыйынды көрсөткүлөчү»,— дейт. Ага бир динар алып келишкенде: «Бул жерде кимдин сүрөтү тартылып, кимдин аты жазылган?» — деп сурайт. «Падышанын»,— дешет. Ошондо Иса пайгамбар: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— дейт (Матай 22:18—21).

Алар анын даанышмандык менен жооп бергенине таң калып, унчукпай кетип калышат. Бирок душмандар ушуну менен эле токтоп калышпайт. Фарисейлердин арам ою ишке ашпай калганда, тирилүүгө ишенбеген садукейлер келет.

Алар тирилүү жана 7 бир тууганга тийген аял жөнүндө сөз кылып, мындай дешет: «Устат, Муса: „Эгерде кимдир бирөө бала көрбөй өтүп кетсе, аялын бир тууганы алып, анын тукумун уласын“,— деген болчу. Арабызда жети бир тууган бар эле. Биринчиси үйлөнүп, тукумсуз өтүп кетти. Анын аялын экинчиси алды. Бирок ал да, андан кийин үчүнчүсү да, ошентип, жетөө тең бала көрбөй өтүп кетишти. Акырында аял да өлдү. Өлгөндөр тирилгенде, ал жети бир туугандын кимисинин аялы болот? Анткени аны баары алышкан болчу» (Матай 22:24—28).

Садукейлер Муса пайгамбардын жазгандарына ишенишчү, андыктан Иса пайгамбар мындай деп жооп берет: «Силер Ыйык Жазманы да, Кудайдын күчүн да билбегендиктен адашып жүргөн жоксуңарбы? Анткени өлгөндөр тирилгенде аял алышпайт, күйөөгө чыгышпайт. Алар асмандагы периштелердей болушат. Ал эми өлгөндөрдүн тирилерине байланыштуу Мусанын китебиндеги тикенектүү бадал жөнүндөгү билдирүүдөн окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: „Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген эмес беле? Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Силер катуу жаңылып жатасыңар» (Марк 12:24—27; Чыгуу 3:1—6). Ошондо эл аң-таң болот.

Фарисейлердин да, садукейлердин да жаагы жап болот. Бирок алар бириге калып, дагы келишет. Бир китепчи: «Устат, Мыйзамдагы осуяттардын эң маанилүүсү кайсы?» — деп сурайт (Матай 22:36).

Машаяк: «Биринчиси бул: „Ук, Ысрайыл, Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба. Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй“. Экинчиси бул: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“. Булардан маанилүү башка осуят жок»,— деп жооп берет (Марк 12:29—31).

Китепчи: «Устат, сен туура айттың. „Ал жалгыз, андан башка Кудай жок“. Аны бүт жүрөгүң, бүт түшүнүгүң, бүт күчүң менен сүйүү, ошондой эле жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүйүү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен башка курмандыктардын баарынан артык»,— дейт. Анын акылдуулук менен жооп бергенин көргөн Машаяк: «Сен Кудайдын Падышалыгынан алыс эмессиң»,— дейт (Марк 12:32—34).

Ошентип, Иса пайгамбар 3 күн бою (9, 10, 11-нисанда) ибадатканада элди окутат. Китепчиге окшоп, айрымдар аны кунт коюп угушат. Бирок диний жетекчилер анын бир да сөзүн уккусу келбейт, суроо бергенге да даай алышпайт.

Көбүрөөк билиңиз

«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Окурмандардын суроолору—август, 2014

Иса тирилгендер «үйлөнүшпөйт, турмушка чыгышпайт» дегенде жер бетине тириле тургандар жөнүндө айтты беле?

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Өлгөн жакындарыбызды кайрадан көрөбүзбү?

Адам өлгөндө эмне болот? Көзү өтүп кеткен жакындарыбызды эч качан көрбөйбүздү?