Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 123-БӨЛҮМ

Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тилениши

Жан дүйнөсү кыйналып, жалындуу тилениши

МАТАЙ 26:30, 36—46; МАРК 14:26, 32—42; ЛУКА 22:39—46; ЖАКАН 18:1

  • ИСА МАШАЯК ГЕТСЕМАНИ БАГЫНА БАРАТ

  • ТЕРИ КАН ТАМЧЫЛАРЫНДАЙ ЖЕРГЕ ТАМАТ

Иса пайгамбар элчилери менен тиленип бүттү. Алар «Кудайды даңктап ырдашкандан» кийин чыгышты көздөй бет алып, Зайтун тоосундагы Гетсемани багына жөнөшөт (Марк 14:26). Пайгамбар ал жерге көп бара турган.

Зайтун бактары өскөн кооз бакчага жетишкенде, пайгамбар 8 элчисин, кыязы, бакчанын кире беришине калтырып: «Мен тиги жакка барып тиленип келгиче, ушул жерде отура тургула»,— дейт. Анан 3 элчисин: Петирди, Жакыпты, Жаканды ээрчитип, бакты аралай басат. Ичи уйгу-туйгу болгон пайгамбар үчөөнө: «Жаным аябай кыйналып турат. Бул жерде калып, уктабай, мени менен сергек тургула»,— дейт (Матай 26:36—38).

Ал арыраак барып, чөк түшүп тиленет. Ушул оор учурда эмне жөнүндө тиленет болду экен? Ал: «Ата, сенин колуңдан баары келет. Бул чөйчөктү менден алыстата көр. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп жалбарат (Марк 14:35, 36). Бул сөздөр эмнени билдирген? Ал өмүрүн кун катары берүүдөн баш тарткысы келди беле? Жок.

Машаяк асмандан римдиктердин адамдарды кыйнап өлтүрүп жүрүшкөнүн көрүп эле жүргөн. Эми ал өзү жерде жүрөт. Ошондуктан сезимдери адамдардыкындай эле. Оору, кыйналуу деген эмне экенин жакшы билет. Андыктан алдыны ойлоп, жүрөгү сыздаса керек. Анын жеткен кылмышкер катары өлтүрүлөрү Атасынын ысымына сөз тийгизмек. Мына, аны баарынан да ушу бушайман кылууда. Бир нече сааттан кийин эле аны Кудайга акарат кылган киши катары устунга кадашат.

Иса Машаяк узакка тиленип келгенден кийин үч элчисинин уктап калганын көрөт. Анан Петирге: «Мени менен бирге, жок дегенде, бир саат сергек тура алган жоксуңарбы? Азгырыкка алдырбаш үчүн сергек болгула, үзгүлтүксүз тиленгиле»,— дейт. Ал элчилеринин да кыйналып турганын билген, анын үстүнө, түн ортосу болчу. Ошон үчүн: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деп айтат (Матай 26:40, 41).

Ал тиленгени экинчи жолу барып, Кудайдан: «Бул чөйчөктү менден алыстата көр»,— деп жалбарат. Кайра келсе, элчилер, азгырыкка алдырбаш үчүн тиленгендин ордуна, дагы уктап жатышкан болот. Алар Мырзасына «эмне деп жооп берүүнү билбей», унчукпай туруп калышат (Марк 14:40). Машаяк тиленгени үчүнчү жолу кетет. Бул жолкусунда ал жүзтөмөндөп жыгылып, Кудайга жалына баштайт.

Анын кылмышкер катары өлөрү Атасынын ысмына шек келтирерин ойлоп, санаасы санга бөлүнөт. Ошондо Жахаба Уулунун жалынычын угуп, аны бекемдеш үчүн периштесин жиберет. Пайгамбар ошондон кийин деле «ого бетер жалындуу тилене» берет. Анын жаны ушунчалык кыйналганы шексиз. Чынында эле, аткара турган тапшырмасы аябай оор болчу. Себеби анын берилгендик сактаар-сактабасынан өзүнүн жана Кудайга ишенген адамдардын түбөлүк өмүрү көз каранды болгон. Ошол учурда «анын тери кан тамчыларындай жерге тамган» (Лука 22:44).

Ошентип, үчүнчү жолу келсе, элчилер дагы уктап жаткан болот. Мырзасы аларга: «Ушундай убакта да уктап, эс алып жатасыңарбы?! Мына, адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна салынып берилчү убак келип калды. Тургула, кеттик. Мага чыккынчылык кыла турган киши келатат»,— дейт (Матай 26:45, 46).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылыш керек?

Кудайга Иса Машаяк аркылуу кайрылганыбызда кандайча Кудайга да, Иса Машаякка да урмат көрсөткөн болобуз?