Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 13-БӨЛҮМ

Иса Машаяктын Шайтанга каршы турушу

Иса Машаяктын Шайтанга каршы турушу

МАТАЙ 4:1—11; МАРК 1:12, 13; ЛУКА 4:1—13

  • ШАЙТАН ИСА МАШАЯКТЫ АЗГЫРАТ

Чөмүлгөндөн кийин Иса Машаяк ыйык рухтун жетеги менен Жүйүт чөлүнө барат. Ал көп нерселер жөнүндө ой жүгүртүшү керек. Иса чөмүлүп жатканда, «асман ачылган» болчу (Матай 3:16). Мунун аркасында ал асмандагы жашоосун, иштерин эстей алган. Андыктан анын ойлоно турган нерселери абдан көп.

Машаяк чөлдө 40 күн, 40 түн болуп, оозуна наар албайт. Акырында ачка болгондо, ага Шайтан Ибилис келип: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйрук кылчы»,— дейт (Матай 4:3). Кудай берген күчтү өзүнүн каалоолорун канааттандыруу үчүн колдонуу туура эмес экенин билгендиктен Иса Машаяк азгырыкты четке кагат.

Шайтан ошону менен эле токтоп калбай, аны башка жол менен азгырууга аракет кылат. Ал Исага Кудайдын Уулу экенин элге көрсөтүш үчүн ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнөн боюн таштоону сунуш кылат. Бирок Иса пайгамбар Шайтан айткандай кылбайт. Ал Жазмадагы сөздөрдү айтып, Кудайды сынаганы туура эмес экенин көрсөтөт.

Ибилис аны үчүнчү жолу азгырууга аракет кылып, кандайдыр бир жол менен «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөтөт». Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деп айтат. Мунусунда да Иса Машаяк чечкиндүүлүк менен: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп жооп берет (Матай 4:8—10). Ал бир гана Жахаба Кудайга ыйык кызмат кылышы керектигин билгендиктен Шайтандын тилине кирбей, туура эмес иш кылуудан баш тартат. Ал Кудайга ишенимдүү бойдон калат.

Иса пайгамбар туш болгон азгырыктардан көп нерсени биле алабыз. Ошондой эле анын аларды четке какканынан көп нерсени үйрөнө алабыз. Мисалы, азгырыктар ойдон чыгарылган эмес болчу. Ибилис көзгө көрүнбөсө да, чынында бар. Бул окуядан дүйнөдөгү падышалыктардын баары ага таандык экенин, анын бийлиги астында экенин да билүүгө болот. Болбосо Шайтандын сунуштары Машаяк үчүн азгырык деле болбойт болчу.

Андан тышкары, Ибилис Иса Машаякка дүйнөдөгү бардык падышалыктарды берүүгө даяр болгон. Ан үчүн Машаяк ага бир эле жолу сыйынышы керек болчу. Шайтан бизди азгырма байлыкка, бийликке, жогорку абалга умтулууга түртүшү мүмкүн. Бирок ал бизди кандай жолдор менен азгырбасын, Иса пайгамбардан үлгү алып, Кудайга болгон ишенимдүүлүгүбүздү сактаганыбыз акылдуулукка жатат. Аракетинен майнап чыкпай калганын көргөн Ибилис «башка ыңгайлуу учурду күтө» баштаган (Лука 4:13). Ал бизди да азгырыш үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүрүшү мүмкүн, андыктан дайыма сак болушубуз керек.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Азгырыкка туруштук бергиле

Эркектер да, аялдар да азгырыкка туруштук бере алышат. Бул макаладагы 6 кеңеш азгырыкка туруштук берүүгө болгон чечкиндүүлүгүңдү арттырууга жана тоодой кыйынчылыктардан качууга жардам берет.