Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

Иса Машаяктан үлгү ал

Иса Машаяктан үлгү ал

БООРУКЕР БОЛ

Иса Машаяк жеткилең болгондуктан, башка адамдардай болуп, кайгы-капанын, оору-сыркоонун азабын тарткан эмес. Ошентсе да адамдарды аябай жакшы түшүнгөн. Ал башкаларга жардам бериш үчүн колунан келгендин баарын, атүгүл керектүүдөн да көптү кылчу. Ооба, ал боорукер болгондуктан башкаларга жардам берчү. Төмөнкү бөлүмдөрдөн бул туурасында көбүрөөк биле аласың: 32, 37, 57, 99.

БАШКАЛАР САГА ОҢОЙ КАЙРЫЛА АЛГЫДАЙ БОЛ

Иса Машаяк эч качан бой көтөрчү эмес, колу бошобой жаткандай түр көрсөтчү да эмес. Ошондуктан жаштар да, карылар да ага тартыла турган. Ал баарына чын дилден көңүл бургандыктан, адамдар анын жанында өздөрүн эркин сезишчү. Бул туурасында төмөнкү бөлүмдөрдө айтылат: 25, 27, 95.

ДАЙЫМА ТИЛЕН

Иса Машаяк Атасына өз алдынча да, шакирттери менен болгондо да жалындуу тиленчү. Ал тамак алдында эле эмес, башка убакта да көп тилене турган. Машаяк Атасына ыраазычылык билдирип, аны даңктап, олуттуу чечим чыгарарда жетекчилик сурап тиленчү. Ушуга байланыштуу көбүрөөк маалымат төмөнкү бөлүмдөрдө жазылган: 24, 34, 91, 122, 123.

ӨЗҮМЧҮЛ БОЛБО

Иса Машаяктын өзүнүн көңүлүн сергитип, эс ала турган убактысын башкаларга жумшаган учурлары көп болчу. Ал өзүмчүл болгон эмес. Ооба, ал — бул жагынан да мыкты үлгү. Муну төмөнкү бөлүмдөрдөн биле аласың: 19, 41, 52.

КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ

Иса Машаяк кечиримдүү болуш керек деп айтып эле койбостон, шакирттерине жана башкаларга мамиле кылууда кечиримдүү болуу эмнени билдирерин иш жүзүндө да көрсөткөн. Төмөнкү бөлүмдөрдү окуп, анын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп көр: 26, 40, 64, 85, 131.

ЫНТАЛУУ БОЛ

Жүйүттөрдүн көбү Иса Машаякты четке кагары жана душмандардын аны өлтүрөрү күн мурун айтылган болчу. Андыктан ал элге жан-дилден кызмат кылбай коё алмак. Бирок ал чыныгы сыйынууну ынталуулук менен колдогон. Ооба, Машаяк кош көңүлдүккө, каршылыкка туш болуп жаткан жолдоочуларына ынталуу болуу жагынан мыкты үлгү көрсөткөн. Төмөнкү бөлүмдөрдү окуп көр: 16, 72, 103.

МОМУН БОЛ

Иса Машаякка билими, акылмандыгы, күчү, айтор, бардык жагынан эч ким тең келе алган эмес. Ал жеткилең болгондуктан, акылы жетик болгон. Ошентсе да башкаларга момундук менен кызмат кылган. Бул жагынан аны кантип туурасаң болорун төмөнкү бөлүмдөрдөн билесиң: 10, 62, 66, 94, 116.

ЧЫДАМДУУ БОЛ

Элчилер жана башкалар Иса пайгамбардын үлгүсүнө карманбаган, кеңештерин иш жүзүндө колдонбогон учурлар болгон. Ошого карабай ал чыдамдуу болгон. Алар Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алышы үчүн, Иса чыдамдуулук менен кайра-кайра насааттай берген. Төмөнкү бөлүмдөрдү окуп, анын чыдамдуулугу жөнүндө ой жүгүртүп көр: 74, 98, 118, 135.