Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 8-БӨЛҮМ

Зөөкүр падышадан качышы

Зөөкүр падышадан качышы

МАТАЙ 2:13—23

  • ЖУСУПТУН ҮЙ-БҮЛӨСҮ МИСИРГЕ КАЧАТ

  • ЖУСУП ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН НАЗАРЕТКЕ КӨЧҮП БАРАТ

Жусуп шаша-буша Мариямды ойготот. Көрсө, Жахабанын периштеси ага түшүндө көрүнүп: «Тур, бала менен анын энесин алып, Мисирге кач. Мен айтканга чейин, ошол жерде бол, анткени Ирод баланы өлтүрүш үчүн издегени жатат»,— дептир (Матай 2:13).

Жусуп менен Мариям ошол замат уулун алып, түн ката жолго чыгышат. Алар шашылыш чыгып кетип туура кылышат, анткени так ошол учурда Ирод падыша жылдыз төлгөчүлөргө алданып калганын түшүнөт. Жылдыз төлгөчүлөр падышага кайтып барбай эле, башка жол менен кетип калышыптыр. Ироддун бетинен заары чачырап, катуу каарданат. Исаны өлтүрөм деген оюнан кайтпаган падыша Бетлехемдеги жана анын тегерек-четиндеги 2 жашка чейинки эркек балдардын баарын кырып салууну буйруйт. Баланын жашын болсо жылдыз төлгөчүлөрдөн сурап билгени боюнча аныктайт.

Бейкүнөө наристелердин өлтүрүлүшү эмне деген мыкаачылык! Ошондо канча баланын өлтүрүлгөнүн билбейбиз, бирок ботодой боздогон энелердин үнү тээ алыска чейин угулуп, Жахаба Кудайдын Жеремия пайгамбар аркылуу алдын ала айткан сөздөрү аткарылган (Жеремия 31:15).

Ал ортодо Жусуп үй-бүлөсү менен Мисирге барып, ошол жерде отурукташып калат. Бир күнү Жахабанын периштеси Жусупка түшүндө дагы көрүнөт. Ал: «Тур, баланы жана анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө, анткени баланы өлтүргүсү келгендер өлдү»,— деп айтат (Матай 2:20). Жусуп өз мекенине кайтып барууга убакыт келгенин түшүнөт. Ошондо Жахабанын күн мурун айткан: «Уулумду Мисирден чакырып алгам»,— деген сөздөрү аткарылат (Ошуя 11:1).

Жусуп үй-бүлөсүн Мисирге кеткенге чейин жашаган Бетлехем шаарынан анча алыс эмес жерге көчүрүп барууну ойлогон көрүнөт. Бирок Жүйүт жеринде Ирод падышанын канкор уулу Архелай бийлик кыла баштаганын угат. Анан Кудай Жусупка ал жакка баруу кооптуу экенин түш аркылуу дагы бир жолу эскертет. Ошентип, Жусуп аялын, баласын алып, түндүккө бет алат. Ал жүйүттөрдүн сыйынуусунун борбору болгон Иерусалимден алысыраак жерге, Галилея аймагындагы Назарет шаарына, отурукташат. Исанын так ошол жерде чоңоюп-өскөнү: «Аны назареттик деп аташат»,— деген сөздөрдүн аткарылышы болгон (Матай 2:23).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Окурмандардын суроолору—декабрь, 2014

Жеремия пайгамбардын: «Рахил уулдарын жоктоп ыйлап жатат»,— деген сөздөрү эмнени билдирет?

Жусуп мыкты үй-бүлө башчысы болгон

Жусуп үй-бүлөсүн кантип коргогон? Ал эмне үчүн Мариям менен Исаны Мисирге алып кеткен?