Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 10-БӨЛҮМ

Иерусалимге сапар тартышы

Иерусалимге сапар тартышы

ЛУКА 2:40—52

  • 12 ЖАШТАГЫ ИСА УСТАТТАРГА СУРОО БЕРИП ОТУРАТ

  • ИСА ЖАХАБАНЫ «АТАМ» ДЕП АТАЙТ

Жаз мезгили. Жусуптун үй-бүлөсү жол камылгасын көрүп жатат. Алар жакында достору, туугандары менен чогуу Иерусалимге сапар тартышат. Ал жерден, Мыйзамга ылайык, Пасах майрамын майрамдашат (Мыйзам 16:16). Назареттен Иерусалимге чейин 120 чакырымдай жол жүрүү керек. Баары кубанычы койнуна батпай, көптөн күткөн майрамга чуру-чуу түшүп даярданып жатышат. 12ге чыккан Иса да майрамды күн санап күтүп, ибадатканага барууну самап жүрөт.

Жусуптун үй-бүлөсү үчүн Пасах майрамын майрамдоо бир эле күндүк иш эмес. Пасахтан кийинки күнү калама майрамы башталат. Ал 7 күнгө созулат (Марк 14:12). Ошол майрамдардын баарын жалпы жонунан Пасах деп атап коюшчу. Жолго, Иерусалимде убактылуу жашаганга жана кайра артка кайтканга баш-аягы 2 жумадай кетчү. Бирок ушул жылы бир окуядан улам алардын сапары узакка созулуп кетет. Алар бул жөнүндө Иерусалимден чыгып кеткенден кийин гана билип калышат.

Түндүктү көздөй кетип баратышканда Жусуп менен Мариям Исаны топ-топ болуп келаткан туугандарынын, досторунун арасында болуш керек деп ойлошот. Бирок түнөгөнү токтогон жерден Исаны таппай калышат. Чогуу келаткандардын арасынан да, башка жерден да издеп таппай коюшат. Жусуп менен Мариям кайра Иерусалимди көздөй жөнөшөт.

Бир күн кечке издеп, барбаган жери калбайт. Экинчи күнү да тинтип издешет. Акыры, 3 күн дегенде ибадаткананын бөлмөлөрүнүн биринен жүйүттөрдүн устаттарынын ортосунда отурган жеринен табышат. Ал устаттарды угуп, суроо узатып, аларды терең билими менен таң калтырып отурган болот.

Мариям ага: «Балам, бул эмне кылганың? Атаң экөөбүз сени издеп, сарсанаа болуп бүттүк»,— дейт (Лука 2:48).

Иса ата-энесинин анын каякта экенин билбегенине таң калып: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деп жооп берет (Лука 2:49).

Ошентип, ал ата-энесин ээрчип, Назаретке кайтып барат. Ал тил алчаак болуп, андан ары да аларга баш ие берет. Иса өсүп-жетилип, барган сайын акылмандыгы артып, Кудайдын алдында да, адамдардын алдында да жакшы атка ээ боло берет. Ооба, ал бала кезинен тартып эле Кудай жөнүндө билим алууга умтулуу жагынан да, ата-энеге баш ийүү жагынан да мыкты үлгү көрсөткөн.