Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 11-БӨЛҮМ

Чөмүлдүрүүчү Жакандын жол даярдашы

Чөмүлдүрүүчү Жакандын жол даярдашы

МАТАЙ 3:1—12; МАРК 1:1—8; ЛУКА 3:1—18; ЖАКАН 1:6—8, 15—28

  • ЖАКАН КАБАР АЙТЫП, ЭЛДИ ЧӨМҮЛДҮРӨ БАШТАЙТ

  • БААРЫ БОЛБОСО ДА, КӨПТӨР ЧӨМҮЛӨТ

Биздин замандын 29-жылы. Жаз айы. 12 жаштагы Исанын устаттар менен маектешкенинен 17 жылдай өттү. Эл Исанын Иордан дарыясынын чыгышында кабар айтып жүргөн Жакан деген тууганы жөнүндө кеп кылып, уу-дуу.

Жакандын келбети, турган турпаты бир башкача, сөзү да курч. Ал төөнүн жүнүнөн кийим кийип, белине кайыш кур курчанып алган. Жеген тамагы — чегиртке менен жапайы аарынын балы. Ал: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп жарыялап жүрөт (Матай 3:2).

Жакандын сөздөрү туш тараптан агылып келген элдин жүрөгүн козгойт. Көптөр өкүнүү керектигин, башкача айтканда, ой жүгүртүүсүн, жүрүм-турумун өзгөртүп, жаман жолдон кайтышы керектигин түшүнүшөт. «Ага Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде жана Иордан дарыясынын чет-жакасында жашагандар келет» (Матай 3:5). Алардын көбү күнөөлөрүн мойнуна алып, өкүнүшөт. Жакан болсо аларды Иордан дарыясында чөмүлтөт. Эмне үчүн?

Эл Кудайдын Мыйзам келишимин бузганы үчүн чын жүрөктөн өкүнгөнүн көрсөтүп, чөмүлүшү керек эле (Элчилер 19:4). Бирок баары эле анткен эмес. Диний жетекчилер, фарисейлер жана садукейлер келгенде, Жакан аларды «кара чаар жыландын тукумдары» деп атап, мындай дейт: «Өкүнгөнүңөрдү иш жүзүндө көрсөткүлө. „Биздин атабыз — Ыбрайым“,— деп ойлобогула. Силерге айтып коёюн, Кудай Ыбрайымга мына бул таштардан да балдарды жаратып бере алат. Тамырын кыя чабыш үчүн дарактардын түбүндө балта жатат. Ошондуктан жакшы жемиш бербеген ар бир дарак кыйылып, отко ыргытылат» (Матай 3:7—10).

Жүрөктү козгогон кабар айтып, көптөрдү чөмүлтүп жаткан Жакан жөнүндө элдин баары кеп кылгандыктан, дин кызматчылар менен лебилер Жаканга киши жиберип: «Сен кимсиң?» — деп суратышат.

Ал: «Мен Машаяк эмесмин»,— деп айтат.

«Анда кимсиң? Илияссыңбы?» — дешет.

«Жок»,— дейт Жакан.

Муса пайгамбар келет деп айткан пайгамбарбы деп ойлоп: «Пайгамбарсыңбы?» — деп сурашат (Мыйзам 18:15, 18).

Жакан: «Жок!» — деп жооп берет.

Ошондо алар анын жанын койбой: «Анда кимсиң? Бизди жибергендерге жооп бергидей бололу. Өзүң жөнүндө эмне дейсиң?» — дешет. Жакан: «Ышая пайгамбар айткандай, мен ээн талаада: „Жахабанын жолун түздөгүлө“,— деп жар салып жүргөндүн өзүмүн»,— деп айтат (Жакан 1:19—23).

Алар Жакандан: «Эгер Машаяк да, Илияс да, Пайгамбар да болбосоң, анда эмнеге элди чөмүлтүп жатасың?» — деп сурашканда, ал: «Мен сууга чөмүлдүрүп жатам. Бирок араңарда силер тааныбаган бирөө бар. Ал менин артымдан келатат»,— деген терең мааниге ээ болгон сөздөрдү айтат (Жакан 1:25—27).

Ооба, Жакан алдын ала айтылган Машаякты, болочоктогу Падышаны, кабыл алууга жардам бериш үчүн элдин жүрөгүн туура жолго буруп, жол даярдашы керектигин түшүнгөн. Машаяк тууралуу ал: «Артымдан келе жаткан бирөө менден күчтүү, мен анын сандалын чечкенге да татыксызмын»,— деген (Матай 3:11). Ошондой эле: «Артымдан келаткан менин алдыма чыкты, анткени ал мага чейин эле болгон»,— деп айткан (Жакан 1:15).

Андыктан Жакандын: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп жарыялаганы жөндүү болгон (Матай 3:2). Мунун аркасында эл Падышанын, Машаяктын, кызматы жакында башталарын түшүнгөн.