Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 7-БӨЛҮМ

Жылдыз төлгөчүлөрдүн Исага барышы

Жылдыз төлгөчүлөрдүн Исага барышы

МАТАЙ 2:1—12

  • «ЖЫЛДЫЗДЫ» ЭЭРЧИГЕН ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨЧҮЛӨР АДЕГЕНДЕ ИЕРУСАЛИМГЕ, АНАН ИСАГА БАРЫШАТ

Тээ алыскы чыгыштан бир нече киши келатат. Алар — жылдыздардын жайгашкан ордун изилдеп, ошонун жардамы менен элдин турмушундагы болгон окуялардын маанисин ачып бере аларын айткан жылдыз төлгөчүлөр (Ышая 47:13). Мекенинде жүргөндө бир «жылдызды» көрүп, анын артынан ээрчип отуруп, жүздөгөн чакырым жол жүрүшөт. Бирок «жылдыз» аларды Бетлехемге эмес, Иерусалимге алып барат.

Иерусалимге жеткенде алар: «Жүйүттөрдүн жаңы төрөлгөн падышасы кайда? Биз чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик»,— деп сураштыра башташат (Матай 2:1, 2).

Муну укканда Иерусалимди башкарган Ирод падышанын каары кайнап чыгат. Ал жогорку дин кызматчылар менен диний жетекчилерди чогултуп, Машаяктын каерде төрөлөрүн сурайт. Алар Ыйык Жазманын негизинде: «Бетлехем шаарында төрөлмөк»,— деп жооп беришет (Матай 2:5; Микей 5:2). Ошондо Ирод падыша жылдыз төлгөчүлөрдү жашыруун чакыртып: «Баргыла да, баланы жакшылап издегиле. Табарыңар менен мага кабарлап койгула: мен да барып, ага таазим кылайын»,— дейт (Матай 2:8). Чын-чынына келгенде, ал зулум падыша наристени өлтүрүүнү көздөйт.

Жылдыз төлгөчүлөр жолго чыкканда, баягы чыгыштан көрүнгөн «жылдыз» кайра пайда болуп, алдыны көздөй жыла баштайт. Анын кадимки жылдыз болбогону айдан ачык, анткени ал жол көрсөтүш үчүн пайда болгон. Төлгөчүлөр аны ээрчип отуруп, Жусуп менен Мариям жашаган үйгө келип токтошот.

Жылдыз төлгөчүлөр үйгө киришсе, Мариям уулу менен отурган болот. Алар Исага таазим этип, алтын, ладан жана мирра тартуу кылышат. Кайра Ирод падышага бармакчы болушканда, Кудай аларга түш аркылуу тыюу салат. Ошентип, алар өз өлкөсүнө башка жол менен жөнөп кетишет.

Төлгөчүлөргө жол көрсөткөн «жылдызды» ким пайда кылды деп ойлойсуң? «Жылдыздын» аларды түз эле Иса жашаган Бетлехемге алып барбаганын эстесең. Ал төлгөчүлөрдү Иерусалимге жетектеп барып, Исаны өлтүргүсү келген Ирод падышага жолуктурган. Эгер Кудай кийлигишип, жылдыз төлгөчүлөргө Ирод падышага эч нерсе айтпоону буйрубаса, падыша ымыркай Исаны жок кылып салмак. Чынында, Исаны Кудайдын душманы Шайтан өлтүргүсү келген. Ал «жылдызды» ошол максатына жетиш үчүн колдонгон.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса Машаякты кандай элестетишибиз керек?

Исаны ымыркай катары эле элестетишибиз керекпи? Аны көргөнү келген акылдуу кишилер кимдер болгон? Иса азыр эмне кылып жатат?