Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 4-БӨЛҮМ

Күйөөгө чыга элек, бирок кош бойлуу кыз

Күйөөгө чыга элек, бирок кош бойлуу кыз

МАТАЙ 1:18—25; ЛУКА 1:56

  • ЖУСУП МАРИЯМДЫН БОЮНДА БАР ЭКЕНИН БИЛЕТ

  • ЖУСУП МАРИЯМГА ҮЙЛӨНӨТ

Мариямдын боюна бүткөнүнө 4 ай болуп калды. Анын Жүйүт жеринин тоолуу аймагында жашаган Элизабет деген тууганыныкына барганы эсиңде чыгар. Ал бир нече ай жүргөн соң кайра Назаретке кайтып келди. Анын боюнда бар экени жакында баарына билинет. Мариямдын канчалык тынчсызданганын элестетсең.

Мариямдын жүрөгүн опколжуткан дагы бир нерсе бар. Ал Жусуп деген жыгач уста менен баш кошууга убадалашып койгон эле. Мариям, Жахабанын Мыйзамына ылайык, бирөө менен баш кошууга убадалашып койгон кыз башка киши менен жатса, таш бараңга алынарын жакшы билчү (Мыйзам 22:23, 24). Мариям түз жүргөн кыз болсо да, боюнда бар экенин Жусупка кантип түшүндүрөрүн, андан ары эмне болорун ойлоп, жүрөгү түпөйүлдөнгөн чыгар.

Жусуп Мариямды 3 айдан бери көрө элек болгондуктан аны күн санап күтүп жүрсө керек. Жусупка жолукканда Мариямдын ыйык рух аркылуу боюна бүткөнүн түшүндүрүп бергенге аракет кылганы шексиз. Жусупка муну түшүнүү да, ага ишенүү да кыйын болгону айтпаса да түшүнүктүү.

Жусуп Мариямдын Кудайдан корккон, жакшы кыз экенин билет жана аны аябай жакшы көрөт. Бирок Мариям түшүндүргөнгө канчалык аракет кылбасын, Жусуп анын башка бирөөдөн эле боюна бүтүп калды го деп ойлойт. Мариямдын эл алдында уят болушун, басынтылышын, таш бараңга алынышын каалабагандыктан аны менен жашыруун ажырашууну ойлонуштурат. Ал убакта баш кошууга убадалашкандарды жубайлар катары эсептешчү. Андыктан мамилесин токтотууну чечишсе, ажырашуу талап кылынчу. Андайда ажырашкан кыз-келиндерди күйөөгө тийип чыккандай көрүшчү.

Жусуп дагы деле ажырашуу жөнүндө ойлонуп жүрөт. Бир күнү түшүндө ага Жахабанын периштеси көрүнүп: «Аялың Мариямды үйүңө алып келгенден коркпо, себеби анын боюндагы бала ыйык рухтан. Ал уул төрөйт, анын атын Иса деп коёсуң, анткени ал өз элин күнөөлөрүнөн куткарат»,— дейт (Матай 1:20, 21).

Ойгонгондо Жусуп жеңилдей түшөт. Ал периштенин айткандарын дароо аткарып, Мариямды үйүнө алып келет. Бул эки жаштын баш кошконун билдирген каада болчу. Ошентип, Жусуп менен Мариямдын баш кошкону баарына маалым болот. Бирок Мариям көз жарганга чейин, Жусуп аны менен жыныстык катнашта болгон эмес.

Арадан бир нече ай өтөт. Мариямдын ай-күнүнө жетип калганда, Жусуп экөө алыскы сапарга даярдана башташат. Мариям мына-мына төрөйүн деп турган убакта алардын жолго чыгышына эмне себеп болгон?

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Мариям: «Мен Жахабанын кулумун!»

Мариямдын периштеге берген жообунан анын ишенимине байланыштуу эмнени байкоого болот? Ал дагы кандай сапаттарды чагылдырган?