Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 84-БӨЛҮМ

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

Шакирт болуу — чоң жоопкерчилик

ЛУКА 14:25—35

  • ШАКИРТ БОЛУШ ҮЧҮН КӨП НЕРСЕДЕН БАШ ТАРТУУ КЕРЕК

Фарисейлердин бир башчысынын үйүндө Машаяк маңызы терең мисалдын жардамы менен элди момун болууга үндөдү. Андан соң ал Иерусалимге бет алат. Аны калың эл ээрчийт. Эл аны эмне үчүн ээрчиди болду экен? Алар эч нерсеге карабай Машаяктын жолдоочусу болууну чындап эле каалашабы?

Машаяктын: «Ким мага келип, бирок... ата-энесин, аялын, балдарын, бир туугандарын, атүгүл өз жанын жек көрбөсө, ал менин шакиртим боло албайт»,— дегени айрымдардын төбө чачын тик тургузса керек (Лука 14:26, шилтеме). Бул сөздөр эмнени билдирген?

Пайгамбар жолдоочуларынын баары туугандарын түз мааниде жек көрүшү керектигин айткан эмес. «Жек көргүлө» деген сөздөр шакирттердин өз туугандарын Машаяктан артык көрбөшү керектигин билдирген. Болбосо алардын «кечки тамакка» келбей койгон мисалдагы жаңы үйлөнгөн кишиден эч айырмасы жок болуп калмак (Лука 14:20). Ыйык Китептин түп нускасына ылайык, Жакып пайгамбардын Лияны жек көрүп, Рахилди сүйгөнү айтылат. Бул тек гана анын Лияга караганда Рахилди көбүрөөк сүйгөнүн билдирген (Башталыш 29:31).

Шакирттердин «өз жанын жек көрүшү» керектигине да көңүл бурсаң. Бул алардын өз жанына караганда Машаякты көбүрөөк жакшы көрүшү, зарыл болсо, өмүрүнөн да айрылууга даяр болушу керектигин туюнтат. Ооба, Машаяктын шакирти болуу — чоң жоопкерчилик. Бул чечим шаша-буша чыгарыла турган чечим эмес.

Машаяктын шакирти болгондор кыйынчылыкка, куугунтукка туш болушу да мүмкүн. Машаяк: «Ким өзүнүн жаза устунун алып, артымдан ээрчибесе, ал менин шакиртим боло албайт»,— деген (Лука 14:27). Чыныгы шакирт «жаза устунун» алып, кордук көрүүгө даяр болушу керек. Машаяк атүгүл душмандардын колунан өлөрүн да айткан болчу.

Ошондуктан аны ээрчип бараткандар анын шакирти болуу эмнени билдирерин ойлошу керек эле. Муну Иса Машаяк бир мисал менен бышыктайт: «Мисалы, араңардан ким мунара кургусу келсе, аны куруп бүткөнгө каражаты жетер-жетпесин билиш үчүн, адегенде отуруп алып, канча чыгым кетерин эсептеп чыкпайт? Болбосо пайдубалын тургузгандан кийин мунарасын бүтүрө албай калат» (Лука 14:28, 29). Демек, Машаяктын шакирти болом дегендер ушул жоопкерчиликти аркалоого бүт күчүмдү жумшайм деп бел байлашы керек. Пайгамбар бул ойду дагы баса белгилеп, мындай дейт:

«Кайсы падыша башка бир падышага каршы согушка чыгарда, анын 20 000 аскерине өзүнүн 10 000 аскери менен туруштук бере алар-албасын билиш үчүн, адегенде отуруп алып, башкалар менен кеңешпейт? Эгер туруштук бере албасына көзү жетсе, тиги падыша али алыста экенинде, ага элчилерин жиберип, тынчтык келишимин түзүүнү өтүнөт. Андыктан, ишенип койгула, ким өзүнүн бүт мүлкүнөн баш тартпаса, ал менин шакиртим боло албайт» (Лука 14:31—33).

Албетте, бул сөздөр пайгамбарды ээрчип бараткандарга эле тиешелүү болгон эмес. Машаяк жөнүндө билим алгандардын баары ушул талапты аткарууга тийиш. Бул, зарыл болсо, колундагы нерселердин баарынан — мүлкүнөн, атүгүл жанынан да — айрылууга даяр болуу керектигин билдирет. Ооба, бул кадамды жасаардан мурун баарын кылдат таразалап, тиленүү зарыл.

Иса пайгамбар тоодогу насаатында шакирттери «жердин тузу» экенин айткан болчу. Ал муну дагы бир жолу кайталайт (Матай 5:13). Туз кайсы бир нерсени бузулуп кетүүдөн сактай турган касиетке ээ. Анын сыңарындай, Машаяктын шакирттери башкаларга Кудай менен болгон мамилесин бузуп албоого жана адеп-ахлактык жактан бузулуп кетпөөгө жардам беришет. Ошентип, кызматы соңуна чыгайын деп калганда, Иса пайгамбар: «Туз, албетте, жакшы нерсе. Бирок ал күчүн жоготсо, даамын кантип калыбына келтирүүгө болот?» — деп айтат (Лука 14:34). Эл жер кыртышындагы минералдар менен аралашкан, тазаланбаган туздар бар экенин жакшы билген. Андай туздар эчтекеге жарачу эмес.

Андыктан Иса пайгамбар атүгүл көп жылдардан бери анын жолун жолдогондор да алсырап калышына жол бербеши керектигин баса белгилеген. Эгер кимдир бирөө буга жол берип койсо, касиетин жоготкон туз сыяктуу эле, жараксыз болуп калмак. Натыйжада бул дүйнөдөгү адамдар аны шылдыңдашмак, ал эле эмес, Кудайдын алдында жараксыз болуп, атүгүл анын ысмына көө жапмак. Ошондуктан Иса пайгамбар мунун канчалык олуттуу экенин: «Уга турган кулагы бар адам уксун»,— деген сөздөр менен көрсөткөн (Лука 14:35).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Чыныгы динди кантип аныктоого болот?

Чыныгы дин бирөөбү? Чыныгы динди аныктоого жардам берген 5 нерсе жөнүндө окуп көргүлө.