Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 94-БӨЛҮМ

Тиленүү жана момундук

Тиленүү жана момундук

ЛУКА 18:1—14

  • СОТТУН ЖАНЫН КОЙБОГОН ЖЕСИР АЯЛ

  • ФАРИСЕЙ ЖАНА САЛЫК ЖЫЙНООЧУ

Иса пайгамбар буга чейин шакирттерин үзгүлтүксүз тиленүүгө үндөгөн болчу (Лука 11:5—13). Эми ал багынбастан тилене берүүнү дагы бир жолу баса белгилеп, мындай мисал айтып берет:

«Бир шаарда Кудайдан коркпогон, адамдарды сыйлабаган сот болуптур. Ошол эле шаарда бир жесир аял жашачу. Ал сотко кайра-кайра барып: „Каршылашым экөөбүздүн ортобуздагы талашты адилеттик менен чечип бериңизчи“,— деп суранат. Сот бир нече убакытка чейин аялдын өтүнүчүн аткаргысы келбейт. Бирок акыры өзүнчө: „Кудайдан коркпосом да, адамдарды сыйлабасам да, ушул жесир аял кайра-кайра келип, тынчымды алып жаткандыктан, ишин адилеттик менен чечип берейин. Болбосо жанымды койбой келе берет“,— деп ойлонот» (Лука 18:2—5).

Анан пайгамбар мисалдын маанисин чечмелеп: «Адил болбосо да, ал соттун эмне дегенин байкадыңарбы? Анда Кудай өзүнө күнү-түнү жалынган тандалгандар үчүн адилеттикти орнотпой коёбу?» — дейт (Лука 18:6, 7). Мындан Кудай жөнүндө эмнени билүүгө болот?

Иса Машаяк Жахабаны адилетсиз сотко окшоштурган эмес. Ал тек гана салыштырууну колдонгон: эгер адилетсиз соттор жанын койбогон элдин ишин чечип беришсе, анда жакшылык кылууга дилгир, адилеттүү Кудай элинин тиленүүсүнө сөзсүз жооп берет. Ан үчүн багынбай тилене берүү керек. Бул Машаяктын: «Кудай алар үчүн адилеттикти орнотууга шашат»,— деген сөздөрүнөн көрүнүп турат (Лука 18:8).

Карапайым кишилер адилетсиздикке туш болуп келишет, ал эми бай, таасирдүү кишилер көбүнчө көздөгөнүнө жетишет. Бирок Кудай бет карама эмес. Өз убагы келгенде, ал мыйзамсыздарды жазалап, кызматчыларына түбөлүк өмүр берет.

Жесирдикиндей ишеним кимдерде болот? Канча киши Кудайдын «алар үчүн адилеттикти орнотууга шашарына» чындап ишенет? Машаяк адегенде үзгүлтүксүз тиленүү жөнүндө айтып, анан зор ишеним менен тиленүүгө байланыштуу мындай суроо узатат: «Адам Уулу келгенде жер бетинен ишеним табар бекен?» (Лука 18:8). Бул сөздөр, Машаяк келгенде, кыязы, көптөрдө андай ишеним болбой турганын билдирет.

Иса пайгамбарды угуп тургандардын айрымдары өздөрүнүн ишенимин күчтүү деп эсептешкен. Алар адилсинип, башкаларды киши ордуна көрүшчү эмес. Пайгамбар так ошондой кишилерге мындай мисал келтирет:

«Эки киши ибадатканага тиленгени кирет: бири — фарисей, экинчиси — салык жыйноочу. Фарисей туруп, ичинен мындай деп тилене баштайт: „Оо, Кудай, сага ыраазымын, анткени башкалардай эмесмин: талап-тонобойм, адилетсиздик кылбайм, ойноштук да кылбайм же мына бул салык жыйноочудай эмесмин. Жумасына эки жолу орозо кармайм, тапканымдын ондон бир бөлүгүн берем“» (Лука 18:10—12).

Фарисейлер элди суктандырыш үчүн өздөрүн атайлап адил көрсөтүшчү. Алар дүйшөмбүдө жана бейшембиде, көп эл чогулуп, соода-сатык жүргүзө турган күндөрү, өздөрү ойлоп тапкан орозону кармашчу. Ошондой эле ибадатканага майда-чүйдө чөп-чардын да ондон бир бөлүгүн беришчү (Лука 11:42). Мындан бир нече ай мурун фарисейлер: «Мыйзамды [өздөрү чечмелеген мыйзамды] билбеген бул эл каргышка калган» — деп, карапайым элди жек көрөрүн көрсөтүшкөн (Жакан 7:49).

Иса пайгамбар мисалын: «Салык жыйноочу болсо алыста туруп, башын көтөргөнгө да батынбай: „Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр“,— деп көкүрөгүн койгулайт»,— деп улайт. Салык жыйноочу күнөөсүн момундук менен мойнуна алган. Иса пайгамбар сөзүн: «Бул киши Кудайдын алдында фарисейге караганда алда канча адил деп эсептелип, үйүнө кайтты. Анткени ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деп корутундулайт (Лука 18:13, 14).

Ооба, пайгамбар момун болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бул шакирттер үчүн абдан баалуу кеңеш болчу, себеби алар жогорку абалды туу туткан коомдо чоңоюп-өсүшкөн. Бул даанышман кеңеш дегеле Машаяктын жолдоочуларынын баарына тиешелүү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай тиленген адамдардын баарын угабы?

Эмне үчүн Кудай айрымдардын тилегин укпайт? Кудай үнүбүздү угушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

Эмне үчүн Кудай кээ бирөөлөрдүн тиленгенин укпайт?

Кудай кандай тиленүүнү жана кандай адамдын тиленүүсүн укпай турганын билгиле.