Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 98-БӨЛҮМ

Кайра эле биринчи болууга умтулушат

Кайра эле биринчи болууга умтулушат

МАТАЙ 20:17—28; МАРК 10:32—45; ЛУКА 18:31—34

  • МАШАЯК ӨЛӨРҮН ДАГЫ БИР ЖОЛУ АЙТАТ

  • БИРИНЧИ БОЛУУГА УМТУЛГАН ЭЛЧИЛЕРИН НАСААТТАЙТ

Иса пайгамбар шакирттери менен Переядан чыгып, түштүктө жайгашкан Иерусалимге жетип калды. Алар Иордан дарыясын Жерихого жакын жерден кечип өтүштү. Б.з. 33-жылынын Пасах майрамына аз эле калгандыктан, пайгамбар менен бирге сапар тартып келаткандар да бар.

Майрамга өз убагында барыш үчүн Машаяк алдыда баратат. Эмнегедир шакирттери бир нерседен кооптонуп жатышкандай. Лазар өлүп, Устаты Переядан Жүйүт жерине барарда, Томас: «Жүргүлө, биз да барып, аны менен кошо өлөлү»,— деген болчу (Жакан 11:16, 47—53). Иерусалимге баруу кооптуу болгондуктан, шакирттердин коркконунун жөнү бар.

Алдыда боло турган окуяларга даярдаш үчүн Мырзасы элчилерин чакырып, мындай дейт: «Мына, биз Иерусалимге баратабыз. Ал жерден адам Уулун жогорку дин кызматчылар менен китепчилердин колуна салып беришет. Алар болсо аны өлтүрүүгө өкүм чыгарып, бутпарастарга өткөрүп беришет. Алар аны шылдыңдашат, сабашат, анан устунга кадашат. Бирок ал үчүнчү күнү тирилет» (Матай 20:18, 19).

Өлүп, кайра тирилери жөнүндө шакирттерине ал ушуну менен үчүнчү жолу айтып отурат (Матай 16:21; 17:22, 23). Бул жолкусунда болсо устунга кадаларын айтат. Шакирттер муну укканы менен, сөздөрдүн маанисин толук түшүнүшпөйт. Алар кадимки Ысрайыл падышалыгы калыбына келет жана ошол падышалыкта Машаяк менен бирге бийлик жүргүзүп, даңкка бөлөнөбүз деп ойлошсо керек.

Сапар тартып келаткандардын арасында, кыязы, Жакып менен Жакандын энеси Саломе да бар. Машаяк ошол 2 элчисин «күн күркүрөөнүн уулдары» деп атап койгонуна караганда, алардын ачуусу чукул болгон көрүнөт (Марк 3:17; Лука 9:54). Уулдарынын Падышалыкта жогорку орундарды ээлөөнү эңсеп келгенин энеси да жакшы билгендиктен Машаяктын алдына барып, таазим кылат. Машаяк андан: «Каалаганың эмне?» — деп сурайт. Саломе: «Падышалыгыңда бул эки уулумдун бирин оң жагыңа, экинчисин сол жагыңа отургузам деп убада бер»,— дейт (Матай 20:20, 21).

Энесин Жакып менен Жакан жибергени шексиз. Өзүнүн мазакталып, басынтыла турганын айтканын эске алып, Машаяк: «Эмне сурап жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Мен иче турган чөйчөктөн иче аласыңарбы?» — деп сурайт. Ага-ини: «Ооба»,— деп жооп берет (Матай 20:22). Бирок алардын мунун эмнени билдирерин акыр-аягына чейин түшүнүшкөнү күмөн.

Ошентсе да Устаты: «Мен иче турган чөйчөктөн ичесиңер, бирок оң жагым менен сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— дейт (Матай 20:23).

Жакып менен Жакандын жоругун уккан элчилер ачууланбай коюшпайт. Кимибиз чоңбуз деген талашты так ошол Жакып менен Жакан башташы мүмкүн беле? (Лука 9:46—48). Кандай болбосун, экөөнүн өтүнүчү элчилердин өздөрүн кичүүдөй алып жүрүшү керектигине байланыштуу кеңешке ылайык иш кылбаганын көрсөткөн. Ооба, алар биринчи болууну дагы деле каалап жүрүшкөн.

Устаты буга көз жумбастан, атаандаштыкты пайда кылган бул талашты чечиш үчүн 12 элчисин чакырып, жумшактык менен: «Башкаруучу деп эсептелгендердин элге үстөмдүк кыларын, аттуу-баштуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Бирок силердин араңарда андай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал баарыңарга кул болсун»,— дейт (Марк 10:42—44).

Ал өзүн мисал кылып, шакирттери аны туурашы керектигин айтат. «Адам Уулу да өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, тескерисинче, өзү кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген»,— дейт ал (Матай 20:28). Машаяк 3 жылга жакын убакыт бою башкаларга кызмат кылып келген. Көп өтпөй бүтүндөй адамзат үчүн өмүрүн бермек. Андыктан анын жолдоочулары, Мырзасын туурап, өздөрүнө кызмат кылдырбай, башкаларга кызмат кылууга, биринчи болууга эмес, кичүүдөй болууга умтулушу керек.

Көбүрөөк билиңиз

Өзүбүздү кичүүдөй алып жүрөлү

Башкалар менен болгон мамилебизде кантип момундук көрсөтө алабыз?