Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 97-БӨЛҮМ

Жүзүмзардагы жумушчулар жөнүндөгү мисал

Жүзүмзардагы жумушчулар жөнүндөгү мисал

МАТАЙ 20:1—16

  • ЖҮЗҮМЗАРДАГЫ «АКЫРКЫ» ЖУМУШЧУЛАР «БИРИНЧИ» БОЛУШАТ

Машаяк шакирттерине: «Биринчилердин көптөрү акыркы, ал эми акыркылар биринчи болот»,— деп айтты (Матай 19:30). Ал муну баса белгилеш үчүн мындай мисал келтирет:

«Асман Падышалыгы таң заарда жүзүмзарына жумушчуларды жалдаганы чыккан кишиге окшош. Күнүнө бир динардан төлөөгө макулдашкандан кийин ал жумушчуларды жүзүмзарына жиберди. Үчүнчү саат чамасында кайра чыгып, базар аянтында жумушсуз тургандарды көрдү да, аларга: „Силер да жүзүмзарыма баргыла. Акыңарды төлөп берем“,— деди. Алар иштегени кетишти. Жүзүмзардын ээси алтынчы, анан тогузунчу саат чамасында кайра чыгып, дагы ошентти. Акырында ал он биринчи саат чамасында чыгып, дагы башкаларды көрдү да: „Эмнеге бул жерде бир күн кечке жумушсуз турасыңар?“ — деп сурады. Алар: „Бизди эч ким жумушка жалдаган жок“,— дешти. Ошондо ал: „Силер да жүзүмзарыма баргыла“,— деп айтты» (Матай 20:1—7).

«Асман Падышалыгы», «жүзүмзардын ээси» деген сөздөрдү укканда эл дароо эле Жахаба Кудай жөнүндө ойлонсо керек. Ыйык Жазмада Жахаба ысрайыл элин билдирген жүзүмзардын ээси катары сүрөттөлөт (Забур 80:8, 9; Ышая 5:3, 4). Ал эми Мыйзам келишиминде тургандар жүзүмзардагы жумушчуларга салыштырылат. Бирок Машаяк байыркы заман жөнүндө эмес, өзү жашаган учур жөнүндө сөз кылган.

Ажырашууга байланыштуу суроо берип, Машаякты сынаган фарисейлерге окшоп, диний жетекчилер өздөрүн Кудайга үзгүлтүксүз кызмат кылган жумушчулар деп эсептешчү. Алар бир күн кечке иштеп, бир динар ала турган жумушчулардай болушкан.

Дин кызматчылар жана башкалар карапайым жүйүттөрдү Кудайга азыраак кызмат кылган, жүзүмзарда толук бир күн иштебеген жумушчулар катары эсептешкен. Мисалда андай жүйүттөр «үчүнчү саат чамасында» (9:00дө), ошондой эле алтынчы, тогузунчу жана акырында он биринчи саат чамасында (17:00дө) жалданган жумушчулар катары сүрөттөлгөн.

Көпчүлүк Машаяктын жолун жолдогон эркектер менен аялдарды «каргышка калган» кишилердей көрчү (Жакан 7:49). Алар өмүр бою балык уулап же башка кара жумуш кылып келишкен. Бирок б.з. 29-жылы «жүзүмзардын ээси» Жахаба Иса Машаяк аркылуу мүңкүрөгөн элден шакирт даярдап, аларды жүзүмзарында иштөөгө чакырган. Алар мисалдагы он биринчи саат чамасында жалданган «акыркы» жумушчулар болчу.

Машаяк жумуш күнүнүн соңунда эмне болгонун мындайча сүрөттөйт: «Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башкаруучусуна: „Жумушчуларды чакырып, акыркысынан баштап биринчисине чейин эмгек акысын төлөп бер“,— деди. Он биринчи сааттан баштап иштегендер келип, ар бири бир динардан алды. Ошондо биринчи жалдангандар алардан көбүрөөк алабыз деп ойлошту. Бирок алар да бир динардан алышты. Акысын алышкандан кийин алар жүзүмзардын ээсине наалып: „Акыркы келгендер бир эле саат иштеди го. Сен болсо керээли кечке ысыкта кыйналып иштеген бизди ошолорго теңеп койдуң!“ — дешти. Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине: „Дос, мен сага адилетсиздик кылган жокмун. Экөөбүз бир динарга макулдашпадык беле? Өз акыңды ал да кете бер. Сага канча берсем, акыркы болуп келген буга да ошончо бергим келет. Өзүмө таандык нерселерди каалаганымдай пайдаланууга акым жокпу? Же менин жакшылык кылганымды көрө албай жатасыңбы?“ Ошентип, акыркылар биринчи, ал эми биринчилер акыркы болот» (Матай 20:8—16).

Шакирттер Устатынын соңку сөздөрү эмнени билдирери жөнүндө терең ойлонушса керек. Өздөрүн «биринчи» деп эсептеген диний жетекчилер кандайча «акыркы» болушмак? Ал эми шакирттер кандайча «биринчи» болушмак?

Фарисейлер Машаяктын шакирттерин «акыркы» деп эсептешсе да, шакирттер толук күндүн акысын ала турган «биринчилерден» болушкан. Машаяк өлгөндөн кийин, кадимки ысрайыл эли четке кагылып, Кудай жаңы элди, «Кудайдын Ысрайылын», тандап алган (Галатиялыктар 6:16; Матай 23:38). Чөмүлдүрүүчү Жакан ыйык рух менен чөмүлүү тууралуу айтканда так ошолор жөнүндө сөз кылган болчу. «Акыркылар» биринчилерден болуп чөмүлүп, «жердин учу-кыйырына чейин» Машаяктын күбөлөрү болуу сыймыгына ээ болушкан (Элчилер 1:5, 8; Матай 3:11). Абдан чоң өзгөрүү болоруна көзү жеткен шакирттер «акыркы» болуп калган диний жетекчилердин каарына каларын түшүнүшсө керек.