Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 86-БӨЛҮМ

Жоголгон уулдун кайтып келиши

Жоголгон уулдун кайтып келиши

ЛУКА 15:11—32

  • ЖОГОЛГОН УУЛ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Машаяк, кыязы, Иордан дарыясынын чыгышындагы Переяда жүргөндө жоголгон кой жана тыйын жөнүндөгү мисалдарын айткан. Өкүнгөн күнөөкөрдүн Кудайга кайтып келгенине сүйүнүшүбүз керектиги эки мисалда тең баса белгиленген. Фарисейлер менен китепчилер Иса пайгамбарды, күнөөкөрлөргө жакшы мамиле кылганы үчүн, сындай беришчү. Алар ошол эки мисалдан бир нерсеге үйрөнүшкөнбү? Кудайдын өкүнгөн күнөөкөрлөргө карата кандай сезимдерди туярын түшүнүшкөнбү? Машаяк аларга ошол эле ойду баса белгилеген жүрөк козгоорлук дагы бир мисал айтып берет.

Мисалда бир кишинин эки уулу тууралуу айтылат. Кичүү уулу — негизги каарман. Фарисейлер менен китепчилер жана башкалар кичүү уул жөнүндө айтылгандардан көп нерсеге үйрөнө алышмак. Анткен менен анын атасы, агасы жана ал экөөнүн көз карашы жөнүндө айтылгандардан да көп нерсеге үйрөнсө болот. Андыктан мисалды окуп жатканда үчөө тууралуу тең ойлонууга аракет кыл.

«Бир кишинин эки уулу болот. Алардын кичүүсү атасына: „Ата, мага энчимди бөлүп бериңиз“,— дейт. Атасы экөөнө мүлкүн бөлүп берет» (Лука 15:11, 12). Кичүү уулунун өзүнө тийиштүү энчисин атасы өлгөндөн кийин эмес, анын көзүнүн тирүүсүндө сураганына көңүл бурсаң. Ал эч кимдин көзүн карабай, өзү каалагандай жашаш үчүн энчисин азыр алгысы келген. Анан эмне болгон?

«Бир нече күндөн кийин кичүүсү бүт энчисин алып, алыскы бир өлкөгө жөнөп кетет. Ал жактан жаман жолго түшүп, болгон мүлкүнүн баарын чачып жок кылат» (Лука 15:13). Уулдарын эч нерседен кем кылбай бөпөлөп баккан атасынын үйүндө бейкапар жүрө бергендин ордуна, ал башка өлкөгө кетип калган. Ал жактан адеп-ахлаксыздыкка белчесинен батып, бүт мүлкүн чачып жок кылат. Ошентип, оор күндөр башталат.

«Эч нерсеси калбай калганда, өлкөдө катуу ачарчылык болуп, ал жокчулуктун азабын тарта баштайт. Ошондо өлкөнүн бир тургунуна барып, ага жалдырап, жумушка алышын өтүнөт. Тиги киши аны талаасына чочколорун кайтарганга жиберет. Ал саадакчалуу дарактын чочколор жеген саадакчалары менен курсагын тойгузууну эңсейт, бирок аны да эч ким бербейт» (Лука 15:14—16).

Кудайдын Мыйзамында чочко арам деп эсептелсе да, ага чочко кайтарып жан бакканга туура келген. Ачарчылыктын азабын тарткан жигит чочко жеген тамакка да зар болот. Акыры, мурдуна суу жетип, айласы куруганда «акылына келет». Анан эмне кылат? «Атамдын канчалаган жалчылары нанды тоё жешет, мен болсо бул жерде ачкадан өлөйүн деп жүрөм! Атама барайын да: „Ата, мен Кудайга да, сизге да каршы күнөө кылдым. Эми уулуңуз деп аталууга татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын бири катары кабыл алыңызчы“,— деп айтайын»,— деп ойлонот. Ошентип, ал атасына жөнөйт (Лука 15:17—20).

Атасы аны кантип тосуп алат? Ачуусу менен бир тийип, үйдөн кеткенге шашканы үчүн, жемелейби? Ушуну көрмөксүң деп табалап, сыртын салабы? Анын ордунда болсоң, сен эмне кылат элең? Эгер уулуң же кызың ушундай кылса, кантип тосуп алат элең?

 ЖОГОЛГОН УУЛ ТАБЫЛАТ

Машаяк мээрман атанын сезимдерин, иш-аракетин мындайча сүрөттөйт: «Атасы аны алыстан эле көрүп, боору ооруйт да, чуркап барып, кучактап өпкүлөйт» (Лука 15:20). Ал уулунун жаман жолдо жүргөнүн укса да, кучак жайып тосуп алган. Жахабага сыйынымыш болуп жүргөн диний жетекчилер мисалдан Жахабанын өкүнгөн күнөөкөрлөргө жумшак мамиле кыларын баамдашканбы? Машаяктын да Атасына окшош экенин түшүнүшкөнбү?

Кыраакы ата сабыры суз тарткан уулунун жүзүнөн анын өкүнгөнүн баамдаган чыгар. Атасы биринчи болуп чуркап барганы үчүн, уулуна күнөөсүн мойнуна алуу жеңил болгон. Ошондо уулу: «Ата, мен Кудайга да, сизге да каршы күнөө кылдым. Эми уулуңуз деп аталууга татыксызмын»,— дейт (Лука 15:21).

Атасы кулдарына буйрук берип: «Тезинен эң жакшы кийим алып келип, балама кийгизгиле. Колуна шакек салып, бутуна сандал кийгизгиле. Анан торпоктун семизин алып келип, сойгула. Жеп-ичип, көңүл ачалы, анткени бул уулум өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды»,— дейт. Ошентип, алар тойлой башташат (Лука 15:22—24).

Ошол учурда тун уулу талаада эле. Пайгамбар ал жөнүндө мындай дейт: «Талаадан кайтып келаткан тун уулу үйгө жакындаганда ырдап-бийлегендердин үнүн угат да, кызматчылардын бирин чакырып, эмне болуп жатканын сурайт. Ал: „Иниң келди. Анын аман-эсен кайтып келгенин көрүп, атаң семиз торпок сойду“,— дейт. Муну укканда ал ачууланып, үйгө кирбей коёт. Атасы сыртка чыгып, андан үйгө киришин өтүнө баштайт. Ал болсо: „Мен сизге ушунча жылдан бери кулдай кызмат кылып, сөзүңүздү эки кылган эмес элем. Сиз болсо мага досторум менен көңүл ачканга улак да берген жоксуз. Ал эми мүлкүңүздү бузулган аялдар менен түгөткөн бул уулуңуз келгенде, семиз торпок сойдуңуз“,— дейт» (Лука 15:25—30).

 Карапайым, күнөөкөр кишилерге көңүл бурган кайрымдуу Иса пайгамбарды, тун уулдай болуп, кимдер сындашкан? Албетте, китепчилер менен фарисейлер. Андыктан алардын мерез экенин беш колдой билген пайгамбардын ушундай мисал келтиргени жөндүү болгон. Дегеле Кудайдын күнөөкөрлөргө ырайым кылганын сындагандардын баары ушул мисалдан сабак алууга тийиш.

Бул мисал атасынын улуу баласына айткан мындай сөздөрү менен аяктайт: «Балам, сен дайыма жанымдасың, менин дүнүйөмдүн баары сеники. Бул иниң өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды» (Лука 15:31, 32).

Мисалда тун уулдун андан ары эмне кылганы айтылган эмес. Ошентсе да Машаяк өлүп, кайра тирилгенден кийин, «дин кызматчылардын ичинен... көптөр ишенимди кабыл алышкан» (Элчилер 6:7). Алардын арасында так ошол таасирдүү мисалды пайгамбардын өз оозунан уккандар да болсо керек. Ооба, атүгүл алардын да акылына келип, өкүнүп, Кудайга кайрылууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Машаяктын ошол сонун мисалынан анын шакирттери бүгүнкү күнгө чейин сабак алып келишет жана сабак алышы керек. Биринчиден, рахаттын артынан сая түшүп, «алыскы... өлкөдө» адашып жүргөндүн ордуна, Жахаба кам көргөн, мээримине бөлөгөн элинин арасында коопсуз жүрө бергенибиз акылдуулукка жатат.

Экинчиден, туура жолдон чыгып кетсек, кайрадан Жахаба Атабыздын ырайымына ээ болуш үчүн, ага кайтып келишибиз керек. Ан үчүн момундук талап кылынат.

Үчүнчүдөн, биз кимди туурайбыз? Мээримдүү, кечирүүгө даяр атаныбы же ачууланып, жактырбаган тун уулдубу? Ооба, Кудайдын кызматчылары жаза басып жаңылган, бирок чындап өкүнүп, «Атасынын үйүнө» кайтып келгендерди кечирүүгө, кучак жайып тосуп алууга даяр. Андыктан, келгиле, «өлүп», кайра тирилген, «жоголуп», кайра табылган бир туугандарыбыз үчүн чын жүрөктөн кубаналы!

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Айтылгандардын маанисин түшүнүп жатасыңбы?

Исанын түнкүсүн уктаган себүүчү, балык кармаган тор жана адашкан уул жөнүндөгү мисалдарынын мааниси кандай?