Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 88-БӨҮМ

Бай киши менен Лазардын жагдайы өзгөрөт

Бай киши менен Лазардын жагдайы өзгөрөт

ЛУКА 16:14—31

  • БАЙ КИШИ МЕНЕН ЛАЗАР ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

Машаяк шакирттерине дүнүйө-мүлккө байланыштуу сонун кеңеш берди. Аны фарисейлер да угушту. Алар «акчаны жакшы көрүшөт», андыктан ошол кеңешке кулак кагууга тийиш. Бирок алар анткендин ордуна, Машаякты «шылдыңдай башташат» (Лука 15:2; 16:13, 14).

Машаяк буга көңүл деле бурбай: «Силер өзүңөрдү башкалардын алдында адил деп жарыялайсыңар, бирок Кудай жүрөгүңөрдү билет. Адамдар жогору баалаган нерсе Кудайдын көз алдында жийиркеничтүү»,— дейт (Лука 16:15).

Эл фарисейлерди «жогору баалап» келген, бирок баары түп-тамыры менен өзгөрө турган убак келди. Эми кадыр-барктуу, бай, динде да, саясатта да укуругу узун кишилер басынтылып, ал эми Кудай жөнүндөгү билимге зар болгон карапайым элдин зоболосу көтөрүлөт. Ушундай чоң өзгөрүү болорун Машаяк мындайча баяндайт:

«Мыйзамда жазылгандар менен пайгамбарлардын сөздөрү Жаканга чейин жарыяланган. Ошол убактан бери Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар таратылып келатат жана ал Падышалыкка кирүүгө ар кандай адамдар бүт күчү менен умтулуп жатышат. Мыйзамдагы тамганын бир сызыгынын аткарылбай калышына караганда асман менен жердин жок болуп кетиши оңоюраак» (Лука 3:18; 16:16, 17). Бул сөздөр өзгөрүү болорун кандайча тастыктап турган?

Диний жетекчилер Муса пайгамбардын Мыйзамына бек карманганына корстон болушчу. Машаяк Иерусалимде сокур кишини айыктырганда, фарисейлердин ооз көптүрө: «Биз... Мусанын шакирттерибиз. Биз Кудайдын Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз»,— деп айтышканы эсиңде чыгар (Жакан 9:13, 28, 29). Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамдын бир максаты момун кишилерди Машаякка жетектеп баруу болгон. Чөмүлдүрүүчү Жакан болсо Иса пайгамбардын «Кудайдын Козусу» экенин айткан болчу (Жакан 1:29—34). Жакандын кызматы башталгандан тартып момун жүйүттөр, айрыкча, кедей-кембагалдар «Кудайдын Падышалыгы» тууралуу уга башташкан. Падышалыкка баш ийип, ал аркылуу бата алгысы келгендер үчүн ал кабар, чынында эле, «жакшы кабар» болчу.

Бирок Мыйзам аткарылбай калган эмес. Ал элди Машаякка жетектеп барган. Андыктан ага кармануунун зарылдыгы болбой калган. Алсак, Мыйзамда жүйүттөргө ар кандай себеп менен ажырашууга уруксат берилген. Ал эми Машаяк: «Ким аялы менен ажырашып, башкага үйлөнсө, ойноштук кылган болот. Ошондой эле ким күйөөсү менен ажырашкан аялга үйлөнсө, ал да ойноштук кылган болот»,— деп окуткан (Лука 16:18). Албетте, эреже ойлоп тапканга маш фарисейлер буга каарданбай коюшкан эмес.

Ошентип, Иса Машаяк болуп жаткан өзгөрүүнү таамай сүрөттөгөн бир мисал келтирет. Мисалдагы эки кишинин абалы, жагдайы толугу менен өзгөрмөк. Аны угуп жаткандардын арасында эл кадыр туткан, акча жандуу фарисейлердин да отурганын эсиңден чыгарба.

«Бир бай киши болгон экен. Ал кызгылт көк түстөгү кездемеден, зыгыр буласынан кийим кийип, күн сайын шаан-шөкөткө бөлөнүп, көңүл ачып жүрчү. Анын дарбазасынын жанына бүт денесин жара баскан Лазар деген кайырчыны алып келип турушчу. Ал бай кишинин үстөлүнөн түшкөн тамак-аштын калдыктарына зар болор эле. Иттер келип, анын жараларын жалашчу» (Лука 16:19—21).

Фарисейлер алдым-жуттум немелер болгондуктан, мисалдагы «бай киши» кимди билдирери айтпаса да түшүнүктүү. Диний жетекчилер кымбат, кооз кийим кийгенди жакшы көрүшкөн. Алар чириген бай болгондон тышкары, жогорку абалына, кадыр-баркына чиренишчү. Алардын төрөлөр кийген кызгылт көк кездемеден кийим кийгени бийликтин төрүндө отурганын, ал эми ак зыгыр буласынан кийим кийгени адилсингенин билдирген (Даниел 5:7).

Андай бай, текебер жетекчилер бей-бечараларга кандай карашкан? Аларды амхааретс же «жердин адамдары» деп басынтып,  Мыйзамды билбеген, билүүгө да татыксыз кишилер катары көрүшкөн (Жакан 7:49). Ооба, элдин абалы «бай кишинин үстөлүнөн түшкөн тамак-аштын калдыктарына зар болгон» «Лазар деген кайырчыныкына» окшош болчу. Эл, Лазардын денесин жара баскан сыяктуу эле, Кудайдын каргышына калгандай болуп мүңкүрөп калган эле.

Бактыга жараша, бул көпкө созулган эмес, анткени бай кишиге окшогондордун да, Лазардай карапайым кишилердин да жашоосунда чоң өзгөрүү боло турган күндөр келген.

ЖАГДАЙ ТҮП-ТАМЫРЫ МЕНЕН ӨЗГӨРӨТ

Бул тууралуу Машаяк мындай дейт: «Бир күнү ал кайырчы өлөт да, периштелер аны Ыбрайымдын жанына алып барышат. Бай да өлүп, мүрзөгө коюлат. Көрдө кыйналганда ал башын көтөрүп, алыста турган Ыбрайым менен анын жанындагы Лазарды көрөт» (Лука 16:22, 23).

Угуп отургандар Ыбрайым пайгамбардын эбак эле өлүп, көрдө жатканын жакшы билишкен. Көрдө — шеолдо — эч кимдин, анын ичинде Ыбрайым пайгамбардын көрө да, сүйлөй да албай турганы Ыйык Китепте ачык эле жазылган (Насаатчы 9:5, 10). Диний жетекчилер мисалдын маңызын баамдашканбы? Машаяк карапайым эл менен алкымы чоң диний жетекчилер жөнүндө эмнени айткысы келген?

Ал жаңы эле: «Мыйзамда жазылгандар менен пайгамбарлардын сөздөрү Жаканга чейин жарыяланган. Ошол убактан бери Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар таратылып келатат» — деп айтып, чоң өзгөрүү болорун баса белгиледи. Ооба, Жакан менен Машаяк кабар айта баштагандан тартып Лазар да, бай киши да каймана мааниде өлүшкөн, башкача айтканда, алардын жагдайы, абалы толугу менен өзгөргөн. Бири Кудайдын ырайымынан айрылса, экинчиси ага ээ болгон.

Момун, жакыр кишилер көп убактан бери Кудай жөнүндөгү билимге зар болуп келишкен. Алар адегенде Жакандан, анан Машаяктан жакшы кабарды угуп, ага ылайык иш кылышкан. Мурун алар диний жетекчилердин каймана үстөлүнөн түшкөн күкүмдү жеп, эптеп жан багып келишкен. Эми болсо Ыйык Жазмадагы маанилүү чындыкты, өзгөчө, Машаяк айтып берген сонун ойлорду угуп, тоюна башташты. Мындайча айтканда, алар Жахаба Кудайдын ырайымына ээ болушкан.

Ал эми бай, таасирдүү диний жетекчилер Падышалык жөнүндө кабар айткан Жаканды, ошол эле кабарды бүт Жүйүт жерине жарыялаган Иса Машаякты угушкан эмес (Матай 3:1, 2; 4:17). Алар Кудайдын каары төгүлө турган күн жөнүндөгү ал кабарды укканда «кыйналышкан», башкача айтканда, ачууланышкан  (Матай 3:7—12). Эгер Машаяк менен анын шакирттери Кудайдын кабарын жарыялаганын токтотуп коюшса, акча жандуу фарисейлер жеңилдей түшүшмөк. Алар мисалдагы: «Ыбрайым ата, мага кайрымдуулук кылып, Лазарды жибериңизчи. Ал манжасынын учун сууга малып, тилиме тийгизсинчи, анткени жалындап күйгөн оттон кыйналып жатам»,— деп кыйкырган бай кишиге окшош болушкан (Лука 16:24).

Бирок алардын өтүнүчү орундалбайт болчу. Анткени көбү кежирленип, өзгөрүлүүнү каалашкан эмес. Алар Кудай дайындаган Падышаны, Машаякты, кабыл алууга жардам бере турган «Муса менен пайгамбарлардын сөздөрүн» укпай коюшкан (Лука 16:29, 31; Галатиялыктар 3:24). Ошондой эле Машаякты кабыл алган жана Кудайдын ырайымына ээ болгон бей-бечараларды угуп, өздөрүн басынткысы келишкен эмес. Бирок Машаяктын шакирттери, диний жетекчилер «кыйналбашы» үчүн эле, алардын көз карашына ылайыкташып, чындыкты бурмалашкан эмес. Бул «Ыбрайым атанын» бай кишиге айткан төмөнкү сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат:

«Балам, эстечи, сен өмүр бою жакшы жашадың, Лазардын жашоосу болсо кыйынчылык менен өттү. Эми ал бул жерде сооронууда, сен болсо азап чегип жатасың. Анын үстүнө, силер менен биздин ортобузда чоң түпсүздүк бар. Ошондуктан биз жактан силерге, силер жактан бизге өтүүнү каалагандардын эч кимиси өтө албайт» (Лука 16:25, 26).

Жагдайдын толугу менен өзгөргөнү адилеттүү да, жөндүү да болгон! Ооба, текебер диний жетекчилердин да, Машаяктын моюнтуругун алып, сергиген, жакшы кабарды угуп, көкүрөк суусунун кандырган момун кишилердин да жагдайы түп-тамыры менен өзгөргөн (Матай 11:28—30). Бир нече айдан кийин эле Мыйзам келишиминин ордуна жаңы келишим кабыл алынганда, чоң өзгөрүү болгону айкын болгон (Жеремия 31:31—33; Колосалыктар 2:14; Еврейлер 8:7—13). Ошентип, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында ыйык рух төгүлгөндө, Кудайдын ырайымына фарисейлер эмес, Машаяктын шакирттери ээ болгонун эч ким тана алган эмес.