Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 95-бөлүм

Ажырашуу жана балдар жөнүндөгү насаат

Ажырашуу жана балдар жөнүндөгү насаат

МАТАЙ 19:1—15; МАРК 10:1—16; ЛУКА 18:15—17

  • КУДАЙДЫН АЖЫРАШУУГА КАРАТА КӨЗ КАРАШЫ

  • БОЙДОКТУК — БЕЛЕК

  • КИЧИНЕКЕЙ БАЛДАРДАЙ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК

Иса пайгамбар шакирттери менен Галилеядан чыгат да, Иордан дарыясын кечип, Переяны аралап жөнөйт. Ал акыркы жолу Переяда жүргөндө фарисейлерге Кудайдын ажырашууга карата көз карашын айткан болчу (Лука 16:18). Алар ошол маселени кайра козгошот.

Муса пайгамбар күйөөсү аялынын «кандайдыр бир жосунсуз жоругун көрүп» калса, ажырашса болорун жазган болчу (Мыйзам 24:1). Андыктан ажырашууга эмне негиз болоруна байланыштуу ар кимдин ою ар башка. Айрымдар болбогон нерсе үчүн деле ажырашса болот деп эсептешкендиктен, фарисейлер: «Эркек кишинин аялы менен ар кандай себеп боюнча ажырашканы мыйзамга ылайык келеби?» — деп сурашат (Матай 19:3).

Машаяк адамдардын көз карашын талдап отурбай, суроого Кудайдын никеге карата ой-ниетинин негизинде жооп берет. «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— дейт ал (Матай 19:4—6). Кудай Адам ата менен Обо эненин башын кошкондо ажырашууга негиз бере турган эч бир себеп тууралуу айткан эмес.

Фарисейлер талашып: «Анда эмне үчүн Муса эркектин талак кат берип, аялы менен ажырашса болорун айткан?» — дешет (Матай 19:7). Машаяк: «Жүрөгүңөрдүн катаалдыгынан улам Муса аялыңар менен ажырашканга жол берген. Бирок башында андай эмес болчу»,— дейт (Матай 19:8). «Башында» деген сөз Муса пайгамбардын күндөрүнө эмес, Эйден багында эркек менен аял баш кошкон убакка тиешелүү.

Андан соң Машаяк: «Силерге айтып коёюн, аялы менен бузуктуктан [грекче порнейа] башка себеп менен ажырашып, башкага үйлөнгөн киши ойноштук кылган болот» — деп, маанилүү чындыкты айтат (Матай 19:9). Ооба, жыныстык адеп-ахлаксыздык гана ажырашууга себеп болуп эсептелет.

Ошондо шакирттер: «Эгер никеге байланыштуу талап ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгон жакшы эмеспи»,— дешет (Матай 19:10). Никеге турууну ойлонуштуруп жаткан киши анын түбөлүккө созула турган түзүлүш экенин унутпашы керек.

Иса пайгамбар бойдоктукка байланыштуу: «Айрымдар төрөлгөнүнөн эле үйлөнүүгө жараксыз болот, башкаларын адамдар жараксыз кылып коёт»,— деп айтат. Ал эми кээ бирөөлөр бүт көңүлүн Кудайдын ишине топтош үчүн жыныстык каалоосун өз эрки менен басышат. Андыктан Машаяк: «Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын»,— деп үндөйт (Матай 19:12).

Бир убакта эл балдарын Иса пайгамбарга алып келе баштайт. Бирок шакирттер, балдар Мырзасын алаксытпасын деп элди уруша башташат. Муну көргөндө ал ачууланып: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын Падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык. Силерге айтып коёюн, ким Кудайдын Падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл албаса, ал ага кирбейт»,— дейт (Марк 10:14, 15; Лука 18:15).

Мындан бир маанилүү нерсени биле алабыз. Кудайдын Падышалыгына кириш үчүн балдардай момун, үйрөнүүгө дилгир болушубуз керек. Анан пайгамбар балдарды кучактап, батасын берет. Ырас, Машаяк «Кудайдын Падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл алгандардын» баарын аябай жакшы көрөт (Лука 18:17).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Кудай ажырашууга кандай карайт?

Кудайдын кандай ажырашууга жол берерин, кандай ажырашууга жол бербей турганын окуп көрүңүз.

Окурмандардын суроолору. Ноябрь, 2012

Иса Машаяктын бойдоктук белеги жөнүндө айткандары эмнени билдирет?