Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 93-БӨЛҮМ

Адам Уулу ачыла турган күн

Адам Уулу ачыла турган күн

ЛУКА 17:20—37

  • ПАДЫШАЛЫК АЛАРДЫН АРАСЫНДА

  • ИСА МАШАЯК АЧЫЛА ТУРГАН КҮН КАНДАЙ БОЛОТ?

Машаяк Самарияда же Галилеяда жүрөт. Фарисейлер андан Кудайдын Падышалыгынын келиши жөнүндө сурашат. Алар Падышалыкты шаан-шөкөт менен, салтанаттуу түрдө келет деп ойлошот. Бирок Машаяк: «Кудайдын Падышалыгы көзгө көрүнүп келбейт. „Мына, бул жерде!“ же „Тиги жерде!“ — деп айтышпайт. Анткени Кудайдын Падышалыгы силердин араңарда»,— деп жооп берет (Лука 17:20, 21).

Айрымдар Падышалык Кудайдын кызматчыларынын жүрөгүндө деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Себеби Падышалык фарисейлердин жүрөгүндө эмес, алардын «арасында» болгон. Тактап айтканда, ошол Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк алардын арасында жүргөн (Матай 21:5).

Кыязы, фарисейлер кеткенден кийин, Машаяк шакирттерине Падышалыктын келиши жөнүндө кененирээк айтып берет. Падыша болуп такка отура турган убак тууралуу ал: «Силер адам Уулунун бир күнүн болсо да көргүңөр келе турган убак келет, бирок көрбөйсүңөр»,— дейт (Лука 17:22). Ошондо ал адам Уулунун келечекте Падыша катары такка отуруп, бийлик кылары тууралуу айткан эле. Ошол убак келгенче, айрым шакирттер аны зарыгып күтүшмөк. Бирок алар Кудай белгилеген мөөнөттү чыдамдуулук менен күтүшү керек болчу.

Машаяк шакирттерине: «Силерге: „Мына, тиги жерде!“ же „Мына, бул жерде!“ — дешет. Бирок чыкпагыла, алардын артынан ээрчибегиле. Анткени чагылган жарк этип, асмандын бир четинен экинчи четине чейин жаркырагандай эле, адам Уулу ачыла турган күнү да ошондой болот»,— дейт (Лука 17:23, 24). Шакирттер Машаяк атанган жалганчылардан канткенде сак боло алышмак? Устаты айткандай, чыныгы Машаяктын келиши, чагылган жарк эткен сыяктуу, көптөргө байкалмак. Ооба, күтүп жүргөндөрдүн баары анын падышалык бийликке ээ болгонун айкын көрүшмөк.

Иса пайгамбар келечекте жашай турган элдин көз карашы байыркы учурда жашаган элдикине окшош болорун айтып, мындай дейт: «Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун күндөрүндө да ошондой болот... Лоттун күндөрүндө да ошондой болгон: адамдар ичип-жешкен, соода-сатык кылышкан, жер иштетишкен, курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, баарын жок кылган. Адам Уулу ачыла турган күнү да ошондой болот» (Лука 17:26—30).

Иса Машаяк Нух пайгамбар менен Лоттун күндөрүндөгү адамдар күнүмдүк турмуштагы иштерди кылганы үчүн, мисалы, ичип-жеп, соода-сатык кылып, жер иштетип, үйлөрдү курганы үчүн жок кылынган деп айткан эмес. Нух пайгамбар менен Лоттун үй-бүлөлөрү да ушундай иштер менен алек болушкан. Бирок көпчүлүк Кудайдын эркин жана кайсы убакта жашап жатканын этибарга албай, жалаң эле көр оокат менен жүрө берген. Ошондуктан Машаяк шакирттерин Кудайдын эрки эмнеде экенин баамдоого жана аны аткарууда жигердүү болууга чакырган. Ушундайча алар келечекте Кудайдын сот күнүндө аман калышмак.

Машаяктын шакирттери дүйнөдөгү нерселерге, башкача айтканда, «үйдө» калган нерселерге алаксыбашы керек. Ал: «Ошол күнү ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин. Ким талаада болсо, үйүндө калган нерселерин алыш үчүн кайтып келбесин. Лоттун аялын эстегиле»,— деп үндөгөн (Лука 17:31, 32). Лоттун аялы туз мамыга айланган болчу.

Иса пайгамбар адам Уулунун Падыша катары бийлик кыла турган учуру жөнүндөгү сөзүн улап: «Силерге айтып коёюн, ошол түнү бир төшөктө жаткан эки адамдын бири алынат, бири калтырылат»,— деп айтат (Лука 17:34). Демек, бирөө куткарылса, башкасы «калтырылат», тагыраак айтканда, өмүрүнөн ажырайт.

Шакирттер: «Мырзам, бул кайсы жерде болот?» — деп сурашат. Ал: «Өлүк каерде болсо, бүркүттөр ошол жерге чогулат»,— деп жооп берет (Лука 17:37). Ооба, куткарыла тургандар, көзү курч бүркүттөй болуп, чыныгы Машаяктын — адам Уулунун — жанына чогулушмак. Келечекте боло турган ошол убакта Машаяк ишеними бекем шакирттерине өмүрдү сактап кала турган чыныгы билим бермек.

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Ал жүрөктүн абалыбы?

«Кудайдын Падышалыгы силердин ичиңерде» деген сөздөр эмнени билдирет?