Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 71-БӨЛҮМ

Фарисейлердин сокур кишини суракка алышы

Фарисейлердин сокур кишини суракка алышы

ЖАКАН 9:19—41

  • ФАРИСЕЙЛЕР ТУБАСА СОКУР КИШИ МЕНЕН ДАГЫ БИР ЖОЛУ ЖОЛУГУШАТ

  • ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИЛЕР «СОКУР» БОЛУШКАН

Машаяктын сокур кишини айыктырганына ишенгиси келбеген фарисейлер анын ата-энесин чакыртышат. Ата-энеси аларга каршы чыккандар «синагогадан чыгарылып» каларын жакшы билет (Жакан 9:22). Андайлар элден чыгып калгандыктан, тиричилик кылуу кыйынга турчу.

Фарисейлер: «Бул силердин уулуңарбы? Сокур болуп төрөлгөн дейсиңер, анда кандайча көрүп калды?» — деп сурашат. Ошондо алар: «Бул биздин уулубуз экенин жана сокур болуп төрөлгөнүн билебиз, бирок азыр эмне болуп көрүп калганын же көзүн ким ачканын билбейбиз»,— деп жооп беришет. Уулу аларга баарын айтып берсе да, алар башына балээ үйүп алгандан коркуп: «Өзүнөн сурагыла. Жаш бала эмес го, өзү айтып берсин»,— деп коюшат (Жакан 9:19—21).

Айласы кеткен фарисейлер баягы кишини кайра чакыртышат да, Иса пайгамбарды каралашат. Анан коркутуп-үркүтүп: «Чыныңды айтып, Кудайды даңкта. Биз ал кишинин күнөөкөр экенин билебиз»,— деп айтышат. Бирок тиги киши: «Анын күнөөкөр же күнөөкөр эмес экенин билбейм. Бир гана нерсени билем: мурун сокур болчумун, азыр көрүп калдым» — деп, фарисейлерге сокку урат (Жакан 9:24, 25).

Арданган фарисейлер: «Ал эмне кылды? Көзүңдү кантип ачты?» — деп сурашат. Тиги киши: «Мен баарын айтып берсем да, укпай койдуңар эле го. Эми эмнеге уккуңар келип жатат? Же силер да анын шакирти болууну каалап жатасыңарбы?» — дейт. Ошондо фарисейлер аны жекирип: «Өзүң анын шакиртисиң, биз болсо Мусанын шакирттерибиз. Биз Кудайдын Муса менен сүйлөшкөнүн билебиз, ал эми тигини ким жибергенин билбейбиз»,— деп кесе жооп беришет (Жакан 9:26—29).

Буга таң калган тиги киши: «Аны ким жибергенин билбегениңер кызык экен. Ал менин көзүмдү ачпадыбы»,— дейт. Андан соң төгүндөлгүс чындыкты айтып, мындай дейт: «Биз Кудайдын күнөөкөрлөрдү укпай турганын, ал эми андан коркуп, эркин аткаргандарды угарын билебиз. Буга чейин кимдир бирөөнүн тубаса сокурдун көзүн ачканын эч ким эч качан уккан эмес». Ооба, анын: «Эгер Кудайдан келбесе, ал эч нерсе кыла албайт эле да»,— деген жыйынтыкка келгени акылга сыярлык болгон (Жакан 9:30—33).

Кайырчынын калыс сөздөрүнө эч нерсе дей албаган фарисейлер аны басынтып: «Сен төрөлгөнүңөн тартып күнөөкөрсүң. Анан бизди үйрөткүң барбы?» — деп, кууп чыгышат (Жакан 9:34).

Муну уккан пайгамбар ага жолугуп: «Адам Уулуна ишенесиңби?» — деп сурайт. Тиги киши: «Мырзам, ал ким? Айтчы, ишенейин»,— дейт. Анын бекем ишенерине шектенбеген пайгамбар: «Сен аны көргөнсүң. Азыр ал сени менен сүйлөшүп турат»,— деп жооп берет (Жакан 9:35—37).

Ошол замат ал: «Мырзам, ишенем»,— дейт. Анан Машаякка бүт жүрөгү менен ишенерин, аны урматтаарын көрсөтүп, таазим кылат. Иса пайгамбар ага: «Мен бул дүйнөгө көрбөгөндөр көрүп, көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгарыш үчүн келдим» — деп, маанилүү чындыкты айтат (Жакан 9:38, 39).

Фарисейлер муну өздөрүнө тиешелүү эмес деп эсептешкен. Бирок алар диний жетекчилер катары көп нерселерди кылышы керек эле. Андыктан пайгамбардын алдында актанып: «Биз сокур эмеспиз»,— дешет. Буга Машаяк: «Эгер сокур болсоңор, күнөөлүү болмок эмессиңер. Бирок: „Көзүбүз көрөт“,— деп жатканыңар үчүн күнөөңөр кечирилбейт»,— дейт (Жакан 9:40, 41). Эгер фарисейлер элди окута турган диний жетекчилерден болбогондо, алардын Машаякты четке какканы кечиримдүү болмок. Бирок алар Мыйзамды беш колдой билишкен, андыктан Кудайдын Уулун четке кагышканы олуттуу күнөө болгон.