Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 68-БӨЛҮМ

Кудайдын Уулу — «дүйнөнүн жарыгы»

Кудайдын Уулу — «дүйнөнүн жарыгы»

ЖАКАН 8:12—36

  • ИСА МАШАЯК КУДАЙДЫН УУЛУ КИМ ЭКЕНИН ТҮШҮНДҮРӨТ

  • ЖҮЙҮТТӨР КАНДАЙ МААНИДЕ КУЛ БОЛУШКАН?

Алачык майрамынын акыркы күнүндө, жетинчи күнү, Иса Машаяк ибадаткананын «казына идиштери турган жай» деп аталган бөлүгүндө сөз сүйлөйт (Жакан 8:20; Лука 21:1). Ал жай эл тартууларын салган Аялдардын короосунан орун алган көрүнөт.

Майрам учурунда түн киргенде ушул жайда жарык жаркырап тийип турар эле. Себеби ал жерде үстүндө май куя турган төрт идиш орнотулган төрт килейген чыракпая турчу. Чыракпаялардын жарыгы тээ алыс жакка чейин тие турган. Андыктан Иса пайгамбардын: «Мен дүйнөнүн жарыгымын. Ким менин жолумду жолдосо, эч качан караңгылыкта жүрбөйт. Ал өмүргө алып бара турган жарыкка ээ болот»,— деген сөздөрү дароо эле ошол чыракпаяларды эске салса керек (Жакан 8:12).

Бирок фарисейлер каршы болуп: «Сен өзүң жөнүндө өзүң күбөлөндүрүп жатасың, ошондуктан күбөлөндүрүүң жалган»,— дешет. Иса пайгамбар аларга: «Өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрүп жатсам да, менин күбөлөндүрүүм чындык. Анткени кайдан келгенимди жана кайда баратканымды билем. Силер болсо менин кайдан келгенимди, кайда баратканымды билбейсиңер»,— деп жооп берет. Анан: «Өзүңөрдүн Мыйзамыңарда да: „Эки кишинин ырастоосу чындык“,— деп жазылган. Мен өзүм жөнүндө өзүм күбөлөндүрөм, ошондой эле мен жөнүндө мени жиберген Атам да күбөлөндүрөт»,— деп кошумчалайт (Жакан 8:13—18).

Айткандары жөндүү болсо да, фарисейлер: «Сенин Атаң каякта?» — деп сурашат. Пайгамбар бетке эле: «Силер мени да, Атамды да билбейсиңер. Эгерде мени билсеңер, Атамды да билмексиңер»,— дейт (Жакан 8:19). Фарисейлердин аны каматканга эки көзү төрт болсо да, эч ким аны кармаганга батына алган эмес.

Иса пайгамбар мурун айткан сөздөрүн дагы бир жолу кайталап: «Мен кетип баратам. Мени издейсиңер, бирок баары бир күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен бараткан жакка силер бара албайсыңар»,— дейт. Анын сөздөрүн таптакыр түшүнбөгөн жүйүттөр: «„Мен бараткан жакка силер бара албайсыңар“,— деп айтканына караганда, эмне, өзүн өзү өлтүрөбү?» — дешет. Жүйүттөрдүн Иса пайгамбарды түшүнбөгөнүнүн себеби алар анын кайдан келгенин билишкен эмес. Бул тууралуу пайгамбар: «Силер төмөн жактансыңар, мен жогору жактанмын. Силер бул дүйнөдөнсүңөр, мен бул дүйнөдөн эмесмин»,— деп айтат (Жакан 8:21—23).

Иса пайгамбар мурун асманда жашаганын, диний жетекчилер күтүшү керек болгон Машаяк экенин айтып жаткан болчу. Ушундай жүйөлүү далилдерге карабай, жүйүттөр: «Сен кимсиң?» — деп сурашат (Жакан 8:25).

Аны жерип, кабыл алгысы келбеген кишилерге Иса Машаяк: «Деги силер менен эмнеге сүйлөшүп жатам?» — деп айтат. Анан алардын көңүлүн асмандагы Атасына буруп, анын Уулун угууга орчундуу себеп бар экени жөнүндө мындай дейт: «Мени жиберген дайыма чындыкты сүйлөйт, мен дүйнөгө андан уккандарымды гана айтам» (Жакан 8:25, 26).

Андан соң пайгамбар жүйүттөр ишенбеген Кудайга бекем ишенерин көрсөтүп, мындай дейт: «Адам Уулун жогору көтөргөнүңөрдө, анын мен экенимди жана өз алдымча эч нерсе кылбай турганымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөөрүмдү билесиңер. Мени жиберген мени менен. Ал мени жалгыз калтырган жок, анткени мен ар дайым ага жакканды кылам» (Жакан 8:28, 29).

Бирок Машаякка ишенгендер да болгон. Ал: «Эгерде менин сөздөрүм боюнча жашасаңар, анда чындап менин шакирттеримсиңер. Силер чындыкты таанып-билесиңер. Чындык силерди эркин кылат»,— дейт (Жакан 8:31, 32).

Эркиндик жөнүндөгү бул сөздөр айрымдар үчүн кызыктай эле угулса керек. Ошондуктан алар: «Биз Ыбрайымдын тукумдарыбыз жана эч качан эч кимге кул болгон эмеспиз. „Эркин болосуңар“,— дегениң кандай?» — дешет. Жүйүт элин ошол кезде башка эл бийлеп турса да, өздөрүн кул деп эсептешчү эмес. Бирок Иса пайгамбар алардын кул экенин дагы бир ирет баса белгилеп: «Силерге чындыкты айтып коёюн, күнөө кылган ар бир адам — күнөөнүн кулу»,— дейт (Жакан 8:33, 34).

Кул экенин моюнга албаган жүйүттөр кооптуу жолдо баратышкан. Иса пайгамбар: «Кул үйдө түбөлүккө калбайт, уул болсо түбөлүккө калат»,— деп түшүндүрөт (Жакан 8:35). Негизи, кулдун мураска ээ болууга эч кандай укугу жок, ошондуктан кожоюну аны каалаган убагында кетирип жибере алат. Кан-жанынан бүткөн же асырап алган уулу гана анын үйүндө «түбөлүккө», башкача айтканда, өмүрүнүн аягына чейин жашай алат.

Ушундай мааниде Уул жөнүндөгү чындык элди акыры барып өлүмгө дуушар кыла турган күнөөдөн арылтат. Ошондуктан Иса пайгамбар: «Эгерде силерди Уул эркиндикке чыгарса, анда чындап эркин болосуңар»,— дейт (Жакан 8:36).