Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 77-БӨЛҮМ

Байлыкка байланыштуу кеңеш

Байлыкка байланыштуу кеңеш

ЛУКА 12:1—34

  • БАЙ КИШИ ЖӨНҮНДӨГҮ МИСАЛ

  • КУЗГУН МЕНЕН ЛИЛИЯ ЖӨНҮНДӨ АЙТАТ

  • «КИЧИНЕ ОТОР» КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫН МУРАСТАЙТ

Иса пайгамбар Жүйүт жеринде. Ал фарисейдин үйүндө конокто отурганда, сыртта аарынын уюгундай ызылдап, миңдеген эл чогулуп калат. Галилеяда да так ошондой болгон (Марк 1:33; 2:2; 3:9). Сырттагы эл пайгамбардын даанышман сөздөрүн чын жүрөктөн угууну каалайт. Алар үйдүн ичинде отурган кыйкымчыл фарисейлерден кандай гана айырмаланган!

Иса пайгамбар адегенде шакирттерине кайрылып: «Фарисейлердин ачыткысынан, эки жүздүүлүктөн, сак болгула»,— дейт. Ал андан мурунураак да ушинтип эскерткен болчу. Бул кеңештин канчалык жүйөлүү экени фарисейдин үйүнөн абдан айкын болду (Лука 12:1; Марк 8:15). Кара ниет фарисейлер Кудайга берилгендей көрүнүүгө аракет кылышчу. Ошондуктан алардын бети ачылып, пейили бузук кишилер экени ачыкка чыгышы керек. Иса пайгамбар: «Бек катылып, ачыкка чыкпай кала турган эч нерсе жок, ошондой эле билинбей кала турган эч бир сыр жок»,— дейт (Лука 12:2).

Тегеректеп турган элдин көбү Жүйүт жеринде жашаган, пайгамбардын Галилеяда айткан сөздөрүн уга элек кишилер болгон көрүнөт. Ошондуктан Иса пайгамбар мурун айткан маанилүү ойлорду кайталайт. Ал баарын: «Денени өлтүрүп, бирок андан башка эч нерсе кыла албай тургандардан коркпогула»,— деп үндөйт (Лука 12:4). Анан Кудайдын аларга кам көрөрүнө бекем ишенүү керектигин баса белгилейт. Ошондой эле адам Уулуна ишенүүнүн маанилүүлүгүн жана Кудайдын аларга ар дайым жардам берерин унутпашы керектигин айтат (Матай 10:19, 20, 26—33; 12:31, 32).

Бир убакта элдин арасынан бирөө жүрөгүн өйүгөн маселени көтөрүп: «Устат, бир тууганыма айтчы, мурасты мени менен бөлүшсүн»,— дейт (Лука 12:13). Мыйзамга ылайык, тун уулга мурас эки эсе көп берилген, ошондуктан бул жөрөлгө талашка салынбашы керек болчу (Мыйзам 21:17). Калыбы, тиги киши өзүнө тийиштүүдөн да көптү алгысы келген көрүнөт. Иса пайгамбар акылдуулук кылып, кийлигишпестен: «Мени экөөңөрдү соттоого же мурасыңарды бөлүштүрүүгө ким дайындады?» — дейт (Лука 12:14).

Анан: «Байкагыла! Ач көздүктүн бардык түрүнөн сак болгула. Анткени адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деп айтат (Лука 12:15). Ал киши канчалык бай болбосун, эртеби-кечпи өлүмгө моюн сунмак. Ошондо байлыгын көргө алып кете алат беле? Иса пайгамбар бул ойду эстен кеткис бир мисал менен бышыктайт. Бул мисал Кудайдын алдында жакшы атка ээ болуунун да маанилүүлүгүн баса белгилеп турат.

«Бир бай киши жеринен мол түшүм алат да: „Эмне кылсам? Түшүмүмдү жыярга жер жок“,— деп ойлоно баштайт. Андан соң мындай дейт: „Минтейин: кампаларымды бузуп, чоңураак кылып салайын да, эгинимдин баарын, бүт мүлкүмдү ошол жерге жыйнайын. Анан өзүмө: “Жаным, сенде көп жылдарга жете турган байлык бар. Ошондуктан эс ал, ичип-же, көңүл ач”,— деп айтам“. Бирок Кудай ага: „Акылсыз, ушул түнү өмүрүңөн айрыласың. Ошондо жыйнаганыңдын баары кимге калат?“ — дейт. Өзү үчүн байлык жыйнаган, бирок Кудайдын алдында байыбаган киши ушундай болот» (Лука 12:16—21).

Машаяктын жолдоочулары да, аны уккан башка кишилер да дүнүйө-мүлк топтоого умтулуп, тузакка түшүп калышы мүмкүн эле. Же алар көр оокат менен алпурушуп жүрүп, Кудайдын ишин кийинки орунга жылдырып коюшмак. Дал ушул себептен пайгамбар бир жарым жыл мурун тоодо айткан насаатындагы кеңешин кайталап, мындай дейт:

«Эмне жээриңерди ойлоп жаныңар үчүн, эмне киериңерди ойлоп денеңер үчүн тынчсызданбагыла... Кузгундарды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жайы да, кампасы да жок. Бирок Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан алда канча баалуу эмессиңерби?! Лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт. Бирок, силерге айтып коёюн, атүгүл Сулайман да, канчалык атак-даңктуу болбосун, алардын бириндей да кийинген эмес... Ошондуктан эмне жээриңерди, эмне ичериңерди ойлоп тынчсызданбагыла... Ал эми силердин мунун бардыгына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет... Андыктан мындан ары да анын Падышалыгын издегиле, ошондо силерге мунун баары берилет» (Лука 12:22—31; Матай 6:25—33).

Кудайдын Падышалыгын кимдер издешмек? Иса пайгамбар айткандай, ишенимдүү кишилерден турган «кичине отор». Алардын саны 144 000 экени кийинчерээк ачылып берилмек. Машаяк аларга: «Атаңар силерге Падышалыкты берүүнү туура көрдү»,— деп убадалайт. Ошол ишенимдүү кишилер уурулар уурдап кете турган байлыкты жерге топтошмок эмес. Алардын жүрөгү «түгөнгүс байлык» каякта болсо, ошол жакта болмок. Ооба, алар Машаяк менен бирге асманда бийлик кылышмак (Лука 12:32—34).