Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 28-БӨЛҮМ

Эмне үчүн шакирттер орозо кармашпайт?

Эмне үчүн шакирттер орозо кармашпайт?

МАТАЙ 9:14—17; МАРК 2:18—22; ЛУКА 5:33—39

  • ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАНДЫН ШАКИРТТЕРИ ИСА МАШАЯКТАН ОРОЗО ЖӨНҮНДӨ СУРАШАТ

Машаяк б.з. 30-жылы Пасах майрамына катышкандан көп өтпөй Чөмүлдүрүүчү Жакан түрмөгө камалган. Ал шакирттеринин Машаяктын жолун жолдошун каалаган. Тилекке каршы, ал түрмөдө жаткан учурда, алардын баары эле Иса Машаяктын жолдоочусу болушкан эмес.

Б.з. 31-жылы. Пасах майрамына аз калды. Жакандын шакирттери Иса пайгамбардан: «Эмне үчүн фарисейлер менен биз орозо кармайбыз да, сенин шакирттериң кармабайт?» — деп сурашат (Матай 9:14). Фарисейлер орозо тутууну диний каада катары көрүшчү. Кийинчерээк Иса пайгамбар: «Оо, Кудай, сага ыраазымын, анткени башкалардай эмесмин... Жумасына эки жолу орозо кармайм»,— деп адилсине тиленген бир фарисей жөнүндө мисал айтып берген болчу (Лука 18:11, 12). Жакандын шакирттери орозону адат катары эле же устаты түрмөдө жатканына кайгырганы үчүн тутушкан көрүнөт. Андыктан эл Машаяктын шакирттери да Жакандын түрмөдө жатканына кайгырып, орозо тутушу керек болчу деп ойлосо керек.

Иса пайгамбар буга мындай мисал келтирет: «Үйлөнө турган жигит досторунун жанында жүргөндө, алар эмнеге кайгырышмак эле? Жигит досторунан бөлүнө турган күндөр келет, ошондо алар орозо кармашат» (Матай 9:15).

Жакан мурунураак Машаякты үйлөнө турган жигитке салыштырган болчу (Жакан 3:28, 29). Андыктан Машаяктын шакирттери Мырзасы тирүү кезде орозо кармашкан эмес. Алар Мырзасынын өлгөнүнө кайгырып, оозуна наар алгысы келбей турган убак алдыда болчу. Бирок ал тирилгенде, шакирттеринин кайгысы кубанычка айланып, орозо кармабай калышмак.

Иса пайгамбар дагы 2 мисал келтирет: «Эч ким эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт, анткени жууганда ал кирип кетет да, кийим айрылып, жыртык мурункудан да чоң болуп калат. Ошондой эле жаңы шарапты эски чаначка куюшпайт. Болбосо чанач айрылып, шарап төгүлөт да, чанач керектен чыгып калат. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат» (Матай 9:16, 17). Мунун мааниси кандай эле?

Иса пайгамбар Жакандын шакирттерине эч ким анын жолдоочуларынан иудаизм дининдеги орозо сыяктуу эски каадаларга карманууну талап кылбашы керектигин түшүндүргөн. Анткени ал эскилиги жетип, керектен чыга турган сыйынууга «жамаачы» салыш үчүн келген эмес. Машаяк негиздеген жаңы сыйынуу каада-салттар менен аралашып кеткен иудаизмден алыс болчу. Ооба, ал эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салууга, жаңы шарапты эски чаначка куюуга аракет кылган эмес.