Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 22-БӨЛҮМ

Төрт шакирттин адам уулоочу болушу

Төрт шакирттин адам уулоочу болушу

МАТАЙ 4:13—22; МАРК 1:16—20; ЛУКА 5:1—11

  • ИСА МАШАЯК ШАКИРТТЕРИН БҮТ УБАКТЫСЫН КЫЗМАТКА АРНООГО ЧАКЫРАТ

  • БАЛЫК УУЛООЧУЛАР АДАМ УУЛООЧУ БОЛУШАТ

Назареттиктер Иса пайгамбарды өлтүрүүгө аракет кылышты. Бирок ал Генисарет көлү деп да аталган Галилея деңизинин жанындагы Капернаумга кетип калат (Лука 5:1). Ошентип, Ышая пайгамбардын деңиз жээгиндеги Галилеянын эли улуу жарыкты көрөрү жөнүндө айткандары аткарылат (Ышая 9:1, 2).

Ооба, Иса Машаяк Галилеяда: «Асман Падышалыгы жакындап калды» — деп жарыялап, кызматын уланта берет (Матай 4:17). Ал жерден 4 шакиртин издеп табат. Алар бир нече ай мурун Устатын ээрчип жүрүшкөн, бирок Жүйүт жеринен кайтып келишкенден кийин ар бири баягы эле балык уулоо иши менен алектене баштаган эле (Жакан 1:35—42). Эми Иса Машаяктын жолун жолдой турган убакыт келип жетти. Ал асманга кеткенден кийин да кабар айтуу кызматы улана бериши үчүн, шакирттер Мырзасынан көп нерсени үйрөнүшү керек.

Иса пайгамбар деңиз бойлой келатып, Симон Петир менен анын бир тууганы Андрести жана торлорун оңдоп отурган башка кишилерди көрөт. Анан Петирдин кайыгына отуруп, андан бир аз арыраак сүзүп барышын суранат. Кайык кичине алыстагандан кийин, Иса пайгамбар жээкке чогулган калың элге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө айтып берет.

Сүйлөп бүткөндөн кийин ал Симон Петирге: «Терең жерге сүзүп барып, тор салгыла»,— дейт. Симон болсо: «Устат, биз түнү бою аракет кылсак да, эч нерсе кармай алган жокпуз. Бирок, сен айтып жаткандыктан, салайын»,— деп айтат (Лука 5:4, 5).

Алар тор салганда, аябай көп балык түшкөндүктөн, торлору айрыла баштайт. Ошондо Петир кол булгалап, жакын жерде балык уулап жүргөн шериктерин жардамга чакырат. Балык ушунчалык көп болгондуктан, кайыктар чөгө баштайт. Муну көргөн Петир Машаяктын алдына чөгөлөп: «Мырзам, жаныман кет, анткени мен күнөөкөрмүн»,— дейт (Лука 5:8, 10).

Бирок Иса пайгамбар Петир менен Андреске: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деп айтат (Матай 4:19). Анан Жакып менен Жакан деген балыкчыларды да анын жолун жолдоого чакырат. Алар Зебедейдин уулдары болгон. Экөө дароо эле макул болот. Ошентип, төртөө тең балык уулоо ишин таштап, Машаякты дайыма коштоп жүргөн алгачкы шакирттерден болушат.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Петир шек саноо, коркуу сезими менен күрөшкөн

Шек саноо жана коркуу сезими аябай күчтүү болушу мүмкүн. Бирок Петир Исанын жолдоочусу болууга байланышкан шек саноолорун жана коркунучун жеңген.