Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Иса Машаяк — жол, чындык, өмүр

 38-БӨЛҮМ

Машаяк жөнүндө өз оозунан уккусу келет

Машаяк жөнүндө өз оозунан уккусу келет

МАТАЙ 11:2—15; ЛУКА 7:18—30

  • ЧӨМҮЛДҮРҮҮЧҮ ЖАКАН ИСА ПАЙГАМБАРДЫН КИМ ЭКЕНИН БИЛГИСИ КЕЛЕТ

  • МАШАЯК ЖАКАНДЫ МАКТАЙТ

Жакандын түрмөдө отурганына 1 жылдай болуп калды. Шакирттери ага Иса пайгамбардын ажайып иштери жөнүндө айтып келип жатышат. Алар Иса пайгамбардын жесир аялдын уулун тирилткенин айтып беришкенде, Жакан кандай сезимде болгонун элестетсең. Бирок ал бүт баарынын маани-маңызы жөнүндө Машаяктын өзүнөн уккусу келет. Андыктан 2 шакиртин: «Келе турган сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деп сурап келүүгө жөнөтөт (Лука 7:19).

Бул суроо кызыктай сезилиши мүмкүн. Себеби Жакан Кудайга берилген адил киши эле. Анын үстүнө, 2 жылдай мурун ыйык рухтун Иса пайгамбарга түшкөнүнө да, Кудайдын аны колдой турганын айтканына да өзү күбө болгон. Демек, камакка алынганда, ишеними солгундап калган деп айтууга эч кандай негиз жок. Болбосо Иса пайгамбар Жаканды мактабайт болчу. Эгер ал шектенбесе, эмнеге жогорудагы суроону берген?

Балким, Жакан Иса пайгамбардын Машаяк экенин өзүнөн уккусу келгендир. Анын айткандары түрмөдө санааркап отурган Жаканга күч-кубат бермек. Бирок анын суроо бергенинин башка да себептери болушу мүмкүн. Жакан Кудайдын Майланганынын падыша жана куткаруучу болору жөнүндө айтылгандарды жакшы билген. Бирок Иса пайгамбардын чөмүлгөнүнөн бир топ убакыт өтүп кеткен болчу, Жакан болсо дагы эле түрмөдө отурган. Ошондуктан ал Иса пайгамбардан, мындайча айтканда: «Сенден кийин Машаякка байланыштуу пайгамбарлар алдын ала айткан сөздөрдү аткара турган башка бирөө келеби?» — деп сураган.

Жакандын шакирттерине: «Ооба, келе турган менмин»,— деп айтпастан, алардын көзүнчө көптөрдү айыктырып, аны Кудай өзү жибергенин далилдеген. Анан: «Баргыла да, Жаканга уккан-көргөнүңөрдү айтып бергиле: сокурлар кайрадан көрүп, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип, жакырларга жакшы кабар жарыяланып жатат»,— деп айттырып жиберген (Матай 11:4, 5).

Жакандын суроосун Иса пайгамбар аны түрмөдөн бошотот деп үмүттөнгөн деп да чечмелөөгө болот. Бирок Машаяк ага учурдагы ажайып иштерден башка керемет күтпөшү керектигин билдирген.

Жакандын шакирттери кеткенде, Иса пайгамбар элге Жакандын жөн эле пайгамбар эмес экенин айткан. Жакан Малаки 3:1де Жахаба күн мурун айткан «кабарчы» болгон. Ал Малаки 4:5, 6да айтылган «Илияс пайгамбар» да болгон. Иса пайгамбар: «Силерге айтып коёюн, аялзатынан төрөлгөндөрдүн арасынан Чөмүлдүрүүчү Жакандан чоң эч ким чыккан эмес, бирок асман Падышалыгындагылардын кичинеси андан чоң»,— деген (Матай 11:11).

Машаяк: «Асман Падышалыгындагылардын кичинеси андан чоң»,— деп айтканда Жакандын Падышалыкта бийлик кылбай турганын көрсөткөн. Жакан Иса Машаякка жол даярдаса да, Машаяк асманга жол ачканга чейин эле анын көзү өтүп кеткен болчу (Еврейлер 10:19, 20). Ошентсе да ал ишенимдүү пайгамбар болгондуктан, Падышалык башкара баштаганда, жерде жашайт.